Кадамжайда изделип жаткан 16 жаштагы Мирболот Ахматов табылды

Кыргыз спорт жанылыктары

Turmush6-июль күнү Кадамжай районунун Жаңы-Жер айылында жоголгон 16 жаштагы М.А. табылды. Бул тууралуу бүгүн, 10-июлда Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Кадамжай РИИБдин кызматкерлери өспүрүмдү издөө боюнча иштерди жүргүзгөн. Анын натыйжасында бүгүн таңга маал анын жүргөн жери аныкталып, милиция бөлүмчөсүнө алынып келинген. Учурда ал апасына аман эсен тапшырылып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️