Кадамжайда «Хонда Фит» окуучуну сүзүп кеткен. Ал оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен облусунун Кадамжай районунда унаа сүзүп кеткен окуучунун абалы оор. Бул маалыматты Turmush басылмасына жалпы даргерлердин практикалык борборунан тастыкташты.

Маалыматка караганда, Орозбеков айылынын 2015-жылы туулган туругун М.уулу М.ны 2024 жылдын 22-октябрында саат 11:30 чамасында Бостон участкасында унаа сүзүп кеткен. Азыркы учурда абалы оор, жандандыруу бөлүмүндө дарыланууда.

Бейтап баш мээсинен оор жаракат алган. Ошондой эле денесинде көптөгөн жаракаттар бар.

Ал эми Баткен ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалыматына караганда, 22-откябрь күнү саат 12:57 чамасында Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын Орозбеков көчөсүндө А.Ө. аттуу жаран «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаасы менен батыштан чыгышты карай бара жатып, жолдун сол жагынан чуркап чыкан баланы сүзүп кеткен. Ал Орозбеков айыл аймагынын 2015-жылы туулган тургуну М.Н. экени такталган. Жабырлануучу Кадамжай шаардык ооруканасына жеткирилген.

Жол кырсыктын жагдайлары боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️