Кадамжайда электр энергиясын өндүргөн «Исфайрам-1» ГЭСи ишке берилди

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 30-августта Кадамжай районунун Майдан айыл аймагындагы Аустан капчыгайында «Исфайрам-1» чакан ГЭСи пайдаланууга берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, «Исфайрам-1» ГЭСи облус боюнча электр энергиясын өндүргөн алгачкы ишкана.

Ички инвесторлор тарабынан курулган станциянын жалпы сметалык баасы 250 миллион сомдон ашат.

Кубаттуулугу 4 МВт түзөт. Чакан ГЭСке суу жеткирген каналдын узундугу 3,7 чакырым. Канал толугу менен бетондолуп, турбо генераторлор орнотулган.

Исфайрам суусуна курулган чакан гидроэлектр станциясы толук кандуу ишке кириши менен бир жарым миң кожолукту электр энергиясы менен камсыздай алат.

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына карата өлкөдө 100 объект ишке берилип жатат.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️