Пример HTML-страницы

Кадамжайда биринчи жолу кишинин өт органы химиялык лазер менен алынды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushКадамжай районунун Үч-Коргон жалпы дарыгерлер практикалык борборунда биринчи жолу лапароскопиялык холецистэктомия операциясы менен адамдын өт органы алынды.

Аталган ооруканадан билдиришкендей, операция ийгиликтүү өттү. Анда адамдын өт органы кесүү жолу менен эмес, химиялык лазер жолу менен алып салынган.

Мындай шайман «Чөптүн тамыры жана адамзаттын коопсуздугу» долбоорунун алкагында 8 млн сомго сатып алынган.

  • Үч-Коргон ооруканасы алгач 1929-жылы участкалык оорукана болуп түзүлгөн. Учурда 65 миң калкты тейлейт.

Кишинин өт баштыгы алмурут же жумуртка формасында болот. Узундугу 10-14 см, туурасы 3,5-4 см, көлөмү 40-50 мл.

Өт баштыгынын өткөөлү менен боордон өттү алып чыгуучу өткөөл биригип, жалпы өткөөлдү түзөт да, ал он эки эли ичегиге кирет. Боордон чыккан өт боор өткөөлү аркылуу өт баштыгына жыйналат. Тамак жегенде мезгил-мезгили менен өт баштыгынын булчуңу жыйырылып, өт он эки эли ичегиге куюлуп турат.

Өттө таш пайда болгондо, өт баштыкчасында эт өсүп кеткенде, өт баштыкчасынын шишигинде, өт суюктугу өтпөй калганда өт алынып салынат. Ал эки ыкма менен алынат:

— Ачып жасалуучу холецистэктомия операциясы;

— Лапароскопиялык холецистэктомия операциясы. Бул атайын шаймандын жардамы менен жасалат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE