Пример HTML-страницы

Кадамжайда айымдар арасында спорттук мелдеш өттү

TurmushКадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагында мугалим айымдардын арасында волейбол боюнча мелдеш өткөрүлдү.

Пушкин атындагы мектептин директору Рано Тургуналиеванын айтымында, ага ондон ашык команда катышты.

«Мелдешти өткөрүү демилгеси Үч-Коргон айылдык кеңешинин аял депутаттарынын демилгеси менен уюштурулду. Мектеп мугалимдеринен сырткары ооруканада иштеген айымдар да катышты. 1-орунду Жами орто мектеби, 2-орунду А.Пушкин орто мектеби жана 3-орунду Үч-Коргон жалпы дарыгерлик практикалык борборунун айымдары алышты. Алдыңкы орундарга акчалай сыйлыктар берилди», — деди ал.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE