Пример HTML-страницы

Кадамжайда адамдарга кооптуулук жараткан көрүнүштөр аныкталды

Акыркы жанылыктар

TurmushКадамжай районунда адамдарга кооптуулук жараткан көрүнүштөр аныкталды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, адамдарга, экологияга терс таасир бере турган кооптуу жагдайларды аныктоо, ветеринардык жана фитосанитардык нормаларды сактоо максатында милиция кызматкерлери жер-жерлерде коомдук алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүдө.

Кадамжай РИИБдин Жаникул Садиров атындагы аймактык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери Ак-Турпак айыл аймагындагы Миң-Чынар айылында электр мамыларынын адамдарга кооптуу абалда жайгашканын аныктап, жергиликтүү бийликке кат жүзүндө билдирме беришти.

Миң-Чынар айылынын тургундары өздөрүнүн аракети менен жалпысынан 5 электр мамысын темирден жасаттырып, айыл ичине орнотушкан. Орнотулган электр мамыларынын жанына дарактар өсүп, кооптуу болуп калган. Ал жерде жаш балдар күнү-түнү ойноп, жамгыр жааган учурларда темир электр мамылары адамдарга коркунуч жаратат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE