Пример HTML-страницы

Кадамжайда 401 млн сомго бүткөрүлгөн Кара-Кыштак-Боз каналына эмне үчүн суу берилбей жатат?

Акыркы жанылыктар

TurmushКадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагына караштуу Боз айылында 401 млн сомго бүткөрүлгөн Кара-Кыштак-Боз каналына суу берилбей, пландалган 568 гектар жер өздөштүрүлбөй келет.

Кадамжай райондук суу чарба башкармалыгы Turmush басылмасына билдиргендей, кошумча дагы 1,5 чакырым ички чарбалык каналды эске алганда, жалпы 14,5 чакырымды түзгөн каналдын курулушу аягына чыккан.

Каналдын бүткөрүлүүсү менен аталган аймакта 568 гектар жер өздөштүрүлүп, 700 гектар жерге суу берүү жакшырары пландалган. Тилекке каршы, каналдын курулушу бүткөнү менен пайдаланылган эмес.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, аталган аймактагы Тегирмеч, Өлагыш, Чаувай, Кара-Кыштак айылдарында суу көйгөйү ошол бойдон турат.

Жалпы секундасына 6 кубга ылайыкташкан сууну камтыган Кара-Кыштак-Боз каналы бүткөнү менен дагы негизги каналдын башкы суу бөлүштүрүүчү 10 чакырымдай аралыгы бүткөн эмес. Андыктан каналдын башкы тарабын чоңойтуп, канал куруу планга кирбей, жаңыдан бүткөрүлгөн каналга суу бурулбай келет.

Жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү учурда каналдын суу бөлүштүрүүчү башкы бөлүгүн бүтүрүү үстүндө иш аракеттер жүрүп жатканын айтышат.

2018-жылдын июнь айында Turmush басылмасы 1987-жылы башталган Кара-Кыштак-Боз каналы бүгүнкү күнгө чейин бүткөрүлө электигин жазган. Толугу менен бул жерден окуй аласыздар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE