Кадамжайда 26 аялга «Баатыр эне» жана «Эне даңкы» төш белгилери тапшырылды

Акыркы жанылыктар

TurmushКадамжай районунда көп балалуу энелер «Баатыр эне» ордени жана «Эне даңкы» медалдары менен сыйланышты. Бул тууралуу акимчиликтен кабарлашты.

Маалыматка караганда, 16 аялга «Баатыр эне» ордени тапшырылса, 10 энеге «Эне даңкы» медалы тапшырылды.

Кадамжай району боюнча эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгында жогорудагы сыйлыктарды алган 1000ден ашуун эне каттоодо турат.

Буга чейин 13-сентябрда Баткен районунда 23 энеге «Баатыр эне» ордени, 22 аялга «Эне даңкы» медалы ыйгарылган. Азыркы учурда жалпысынан Баткен району боюнча 3 миңге жакын «Баатыр эне» жана 2 миңге жакын «Эне даңкы» медалын тагынган энелер бар.

———————————-

Пример HTML-страницы

«Баатыр эне» ордени 1996-жылы 16-апрелде «Кыргыз Республикасынын мимлекеттик сыйлыктары» мыйзамынын негизинде түзүлгөн.

«Баатыр эне» ордени менен энелер 7 жана андан көп бала төрөгөн жана татыктуу тарбиялаган, балдардын ден соолугу, билими, дене боюнун жана адеп-ахлактык өнүгүүсү жөнүндө талаптагыдай камкордуктун деңгээлин камсыз кылган Кыргыз Республикасынын жарандары сыйланышат.

«Баатыр эне» ордени менен сыйлоодо төмөнкү балдар да эске алынат:

1) Мыйзамда белгиленген тартипте асырап алынгандар, эгерде асырап алгандан кийин 3 жылдан көп убакыт өтсө жана багып алынган балдар чогуу жашаса;

2) Ата мекенди жана анын мамлекеттик кызыкчылыктарын коргоодо, адам өмүрүн сактап калуу, мыйзамдуулукту жана укук тартибин камсыз кылуу боюнча жарандык парзын аткарууда курман болгондор же дайынсыз жоголгондор.

«Эне даңкы» медалы менен энелер — алты бала төрөгөн жана аларды татыктуу тарбиялаган, алтынчы баласы бир жашка толгон жана башка балдары тирүү Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле жетим балдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар үчүн окуу-тарбиялоо мекемелеринде 15 жылдан ашык кынтыксыз иштеген аялдар сыйланышат.

«Эне даңкы» медалы менен сыйлоодо төмөнкү балдар эске алынат:

1) Эгерде асырап алгандан кийин кеминде 3 жылдан ашык убакыт өтсө жана асырап алынган балдар чогуу жашаса, мыйзамда белгиленген тартипте асырап алынгандар;

2) Ата мекенди жана анын мамлекеттик кызыкчылыктарын коргоодо, адам өмүрүн сактап калуу, мыйзамдуулукту жана укук тартибин камсыз кылуу боюнча жарандык парзын аткарууда курман болгондор же дайынсыз жоголгондор.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️