Кадамжайда 15 млн сомго дарыянын жээги бекемделүүдө

Акыркы жанылыктар

TurmushКадамжай районунун Ак-Турпак аймагында Кожошкен дарыясынын жээгин бекемдөө иштери жүрүп жатат, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалыматка караганда, азыркы тапта 250 метр аралыкка шагыл төгүлүп, таш төшөлүүдө.

Бекемдөө иштерине жалпысынан Кадамжай районунун өнүктүрүү фондунан 15 млн сом акча каражаты каралган.

Курулуш иштерин «Бектур Келечек» ЖЧКсы жүргүзүүдө. Бекемдөө иштер аягына чыкса жергиликтүү дыйкандардын 10 гектардай эгин талаасы суу ташкынынан корголот.

Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, «Бектур Келечек» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору катары Бакыев Санжарбек Мотоевич көрсөтүлгөн. Кайра каттоодон 2023-жылдын 23-майында өткөн. Ишмердүүлүгү: турак жай жана турак жай эмес имараттарды куруу.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️