Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

Кадамжайда өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту болтурбоо максатында түшүндүрүү иштери жүрдү

Акыркы жанылыктар

TurmushКадамжай РИИБдин балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери район аймагындагы ар бир орто мектептерге барып, мектеп окуучулары менен жолугушууларды уюштурууда. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууда жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту болтурбоо, зордук-зомбулукка жол бербөө, укук бузуулардын алдын алуу боюнча темалар козголуп, түшүндүрүү иштерин өткөрүлүүдө. Ошондой эле мектеп окуучуларынын ортосунда топтошуп мушташуу, мектеп рэкетчилигин болтурбоо максатында коомдо орун алып жаткан терс көрүнүштөр кайталанбашы үчүн ар бир окуучу менен маектер курулуп жатат.

Сабакка себепсиз келбей, акча табуу максатында өз алдынча эмгекке тартылып кетпөөнүн алдын алууда ар бир мектеп окуучуларынын коопсуздугун камсыздоо максатында социалдык педагоктор менен биргеликте жыйналыштар уюштурулуп, эскертүүлөр берилүүдө.

Кадамжай районунун аймагындагы 83 мектепте балдар менен иштөө инспекторлору үзгүлтүксүз түшүндрүү иштерин өткөрүп жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE