Пример HTML-страницы

Кадамжай РИИБдин башчысынын орун басары Абдуталип Камардиновду ардактуу эс алууга узатышты

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн,14-июнда Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнүн өздүк курамы бөлүм башчысынын кадрлар боюнча орун басары Абдуталип Камардиновду ардактуу эс алууга узатты. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Милициянын подполковниги Камардинов Абдуталип Райимбердиевич ички иштер органдарына 22 жашында кабыл алынып, Баткен РИИБде аймактык тсекөөчү, андан кийин Самаркандек, Айдаркен, Кулуңду айылдарында айылдык милиция бөлүмчөлөрүнүн башчысы, Кадамжай РИИБде уруксат берүү системасынын улук тескөөчүсү болуп эмгектенген. Акыркы жылдары Кадамжай РИИБдин башчысынын кадрлар боюнча орун басары болуп эмгектенип келген.

Ал ички иштер органында 30 жылдан ашуун эмгектенип, ардактуу эс алууга чыкты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE