Пример HTML-страницы

Кадамжай районундагы жол кырсык 7 жаштагы баланын өмүрүн алды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushОш—Баткен—Раззаков унаа жолунун Кадамжай районунун Үч-Коргон айылындагы тилкесинде жол кырсыгы катталып, 7 жаштагы бала каза болду.

Маалым болгондой, окуя 13-июнь күнү эртең менен саат 08:40 чамасында катталып, анда «Дэу Нексия» үлгүсүндөгү унаа жол чырактан өтүп бара жаткан электро мотороллерди коюп кеткен.

Электро мотороллерде атасы, 7 жаштагы бала жана 8 жаштагы кызы болгон.

Жабыркагандар Үч-Коргон жалпы дарыгерлер практикалык борборуна кайрылып, 7 жаштагы бала алган жараатынан улам каза болгон.

Бул окуя Үч-Коргон милиция бөлүмчөсүндө катталып, азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE