Кадамжай районунда өзгөчө кырдаал режими алынды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushБаткен облусунун Кадамжай районунда өзгөчө кырдаал режими алынды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 2024-жылдын 24-июнунда нөшөрлүү жаандан улам Кадамжай районунун Искак Полотхан айыл аймагынын Жеңиш айылында сел жүрүп, турак үйлөргө, жер төлө жана социалдык объекттерге да сел суулары кирген.

Калыбына келтирүү иштерине ӨКМден куткаруучулар, техникалык каражаттар, жарандык коргонуу кызматтарынан жана ыктыярчылардан жардам көрсөтүлдү. Калыбына келтирүү жана селдин кесепеттерин жоюу иштери жыйынтыкталгандыгына байланыштуу өзгөчө кырдаал режими алынды.

Кадамжай району Баткен облусундагы калкы эң көп аймак болуп саналат. Акыркы эл каттоо боюнча, райондо 209,9 миң адам жашайт.

Кыргызстандагы калк эң жыш жайгашкан райондор (2024-жылдын 1-январына карата):

Пример HTML-страницы

— Кара-Суу району — 488,2 миң адам;

— Сузак району — 332,3 миң адам;

— Ноокат району — 325,9 миң адам;

— Өзгөн району — 296,1 миң адам;

— Сокулук району — 266,1 миң адам;

— Кадамжай району — 209,9 миң адам.

——————————————————————-

Буга чейин Turmush Кадамжай районуна өзгөчө кырдаалдар режими киргизилгенин жазган.

Ошондой эле Лейлек районунун Катраң айыл аймагына жана Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймактарында да өзгөчө кырдаалдар режими кирген.

24-июнь күнү Баткен, Лейлек жана Кадамжай райондорунун аймактарында каттуу жааган жамгырдан сел жүргөн.

Маалым болгондой, 47 үйгө, 113 үйдүн чарбагына, 5 соцобъектиге, 1 кичи футбол аянтчасына сел кирип, 17 ички чарбалык жолго, 2,7 чакырым коргоо тосмого, 1 көпүрө, 12 чарбалык курулуш, 2 суу кампага, 1 трансформаторго зыян келтирилген.. Кадамжай районунун Жеңиш айылында 5 жаштагы бала каза болуп, 1000ге жакын, Баткен районунда 27 жергиликтүү тургун коопсуз аймакка көчүрүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️