Кадамжай районунда сел жүрүп, жеңил унааны агызып кетти (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 18-июлда Кадамжай районунун Майдан айыл аймагында катуу жааган жамгырдан улам сел жүрдү. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

Маалыматка караганда, Майдандын Ак-Булак-Сай жана Токой-Сай аймактарынан саат 20:00 чамасында сел түштү. Катуу сел токтоп турган «Дэу Матиз» үлгүсүндөгү жеңил унааны агызып кетти. Дагы бир экскаватор сууда калып кетти. Сел турак жай жана короолорго кирген.

——————————————————

Бүгүн, 18-июлда саат 20:15 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен Ош облусунун Ноокат районунун Көк-Жар айыл аймагынын Жийде айылында сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, сел Ош—Баткен—Разаков унаа жолунун 55, 57 жана 63-чакырымдарын каптап, каттам убактылуу жабылган. Унаа жолду тазалоого №37 Жол тейлөө ишканасынан грейдер, жүктөгүч жана айыл аймактан экскаватор жана куткаруучулар тартылды.

Пример HTML-страницы

Ал эми президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына караганда, саат 20:15 чамасында Көк-Жар айыл аймагынын Борбаш айылынын Тешик-Таш участкасында сел жүрүп, саат 20:47 чамасында Ош—Баткен—Разаков унаа жолу убактылуу жабылган.

Саат 20:45 чамасында Сарыканды айылында сел жүрүп Ош-Баткен-Разаков унаа жолунун 63-чакырымында жайгашкан көпүрөнү суу каптап, унаа жол убактылуу жабылган. Жолду тазалоого №37 ЖТИден техникалар, куткаруучулар тартылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️