Пример HTML-страницы

Кадамжай районунда сел суулары каптаган турак үйдөн 5 адам куткарылды

Акыркы жанылыктар

TurmushКадамжай районунда 5 адам куткарылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча, бүгүн, 24-июнь күнү саат 17:00 чамасында Кадамжай районунун аймагында катуу жаан жаап, анын кесепетинен Орозбеков айыл аймагынын Охна сел өткөрүүчү сайынан сел түшүп, темир бетон шакекче менен курулган 5 көпүрөнү бузуп кеткен.

Ак-Турпак, Молдо Нияз, Исхак Полот хан айыл аймактарында да сел жүрүп, Эргенек участкасындагы балдар бакчасынын жертөлөсүнө, Жеңиш айылындагы аймактык оорукана жана балдар бакчасынын, Т.Сатылганов атындагы орто мектебинин короосуна сел суулары кирген.

ӨКМ куткаруучулары тарабынан сел суулары кирген турак жайдан жашы жете элек 3 бала жана 2 жаран аман-эсен куткарылды. Учурда алардын абалы туруктуу.

Кадамжай району боюнча жалпысынан №107, №75 жана №76 ӨККБдан 33 куткаруучу, ошондой эле №3 Тоо кырсыгынан куткаруу кызматынын мобилдик взводунан 5 куткаруучу тартылды.

———

Буга чейин Кадамжай районунун Исхак Полот хан айылында сел жүрүп, жүк ташуучу контейнерди агызып кеткени маалымдалган.

Баткен ОИИБ боюнча ЖКККБнын маалыматына караганда, селдин кесепетинен Ош—Баткен—Раззаков жолунун 130-чакырымы кыска убакытка жабылды.

Исхак Полот хан айылынын ичин аралаган сел учурга чейин токтой элек. Катуу селден улам темир контейнерди агызып кеткен. Жашоочулар учурда борбордук көчөлөргө унаа менен чыгуу кооптуу экенин билдиришүүдө.

Ошондой эле, Исхак Полот хан аймагында 5-6 унааны сел агызып кеткен. 5 жаштагы бала дагы жок болуп жатканы айтылууда.

Буга чейин Кыргызгидромет 24-25-июнь күндөрү күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн экенин билдирген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE