Пример HTML-страницы

Кадамжай районунда малина сатыкка чыкты. Баасы канча болууда?

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushКадамжай районунда малинанын 1 килограммы 125-135 сомго чейин сатылып жатат.

Жергиликтүү дыйкандардын айтымында, малинага болгон баа анын көлөмүнө жараша болууда. Көлөмү майда, өтө кызарып бышып кеткени арзаныраак болсо, көлөмдүүсү жана орто бышканы жогору бааланат.

Малина жаңы бышканда баа бир аз арзан болуп, кийинчерээк килограммы 170-180 сомго чейин көтөрүлөт.

Малина бир сезондо 10-12 жолу терилип, 1 сотыхтан 60 килограммга чейин малина алынат.

Малина аба ырайы салкын келген Кадамжай районунун Кадамжай, Айдаркен шаарлары жана Орозбеков айыл аймагында жакшы болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE