Качып кеткен «Лексустун» айдоочусу кармалды (сүрөт)

TurmushКечээ, 29-сентябрда Кадамжай районунун Миң-Чынар айылындагы унаа кырсыкка шектелген айдоочу кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден кабарлашты.

Маалыматка караганда, Ош—Баткен—Раззаков унаа жолунун 182-чакырымында Кадамжай районунун тургуну Б.Б «Мерседес-Бенц Е Class 260» үлгүсүндөгү унаасы менен чыгыштан батышты карай унаасын башкарып бара жатып, карама-каршы тилкеге чыгып, астында бир багытта бара жаткан «Лексус 570» үлгүсүндөгү унаадан ашып өтүүгө аракет кылган. Ошол учурда «Лексус 570» унаасынын айдоочусу анын унаасынын капталын сүзгөн. «Мерседес-Бенц» жолдон чыгып ала салып кеткен.

Бирок «Лексус-570» унаасынын айдоочусу белгисиз тарапка качып кеткен. Ал Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан табылып унаасы айып короого киргизилип, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Окуя тууралуу:

Буга чейин күбөлөр Кадамжай районунун Миң-Чынар айылында «Мерседес Бенц» үлгүсүндөгү унаа оодаралып кеткенин кабарлашкан. Анда «Лексус» үлгүсүндөгү жол тандабас менен «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаа жол талашып айдаганы айтылган. Анын кесепетинен «Мерседес» унаасы башкаруусун жоготуп, жолдон чыгып, оодарылып кеткен.

Пример HTML-страницы

«Мерседес-Бенц» унаасына видеорегистратор орнотулган. Ага «Лексус» унаасы «Мерседестен» озуп өткөнү тартылып калган. Ал эми «Мерседес» унаасы жолдон чыгып, ала салып кеткен. Кырсыктан оор жаракат алгандар жок. Бирок «Мерседес» унаасы зыянга учураган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️