Кабылан-Көл айыл аймагында 400 адам добуш берди

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 9-апрелде Ош облусунун Алай районунун Кабылан-Көл айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо жүрүп жатат.

Айыл өкмөт башчысы Гүлжигит Мадаевдин айтымында, №5143 шайлоо участкасында 1337 шайлоочу болсо, саат 13:00гө карата 400 шайлоочу добуш берди.

Кабылан-Көл айылдык кеңешинде жалпы 11 мандат бар, 21 талапкер ат салышууда.

9-апрелге белгиленген 14 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарында өтүп жатат.

Кайсы айылдык кеңештердин депутаттары шайланат?

    Пример HTML-страницы
  • Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек, Көк-Ой айылдык кеңештерине;

  • Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек, Ак-Сай, Ак-Татыр айылдык кеңештерине;

  • Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кеңеш айылдык кеңешине, Алай районунун Кабылан-Көл айылдык кеңешине, Ноокат районунун Исанов айылдык кеңешине, Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңешине;

  • Талас облусунун Кара-Буура районунун Шекер, Бейшеке, Бакыян айылдык кеңештерине;

  • Чүй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айылдык кеңешине, Аламүдүн районунун Байтик айылдык кеңешине депутаттар шайланат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️