К.Ташиев Ошто акча чогулткан мектеп директорлорун айтып ачууланды (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 19-июль күнү Ош шаарында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев катышкан жыйын өттү.

Маалым болгондой, ага президенттин Ош облусунундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, акимдер жана айыл өкмөт башчылары катышты. Камчыбек Ташиев билим берүү тармагындагы паракорчулук, акча чогултууга каршы кескин чаралар көрүлбөй жатканын белгилеп, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө эскертүү берди.

«Айрыкча мектептерден чогултула турган акчалар боло турган болсо укук коргоо органдары ошону жакшылап карагыла. Көптөгөн директорлордон акчаларды чогултуп жатышат. Бир дагы билим берүү бөлүмү (райОНО) таза эмес. Бардыгы чогултушат. Бирөөсүн да отургузган жоксуңар. Эмнеге мындай? Көрбөйсүзбү, таба албайсызбы же колуңардан келбейби? Бир дагы мектептин директорун отургуза элексиңер. Эмнеге мындай?

Паракорчулук ошол жактан башталып жатат. Мектеп директорлорунан отпускаларынан акча чогултуп жатышат. Айлыгынан акча чогултуп жатышат. Билим берүү бөлүмү (райОНО) ошол менен алектенет. Алар ал акчаларды кайсы жакка кетирип жатканын билбейм. Ош облусунан бир «райОНОну» отургуздаңарбы? Отургуза элексиңер. Бир мектептин директорун отургуздуңарбы? Отургуза элексиңер. Эмнеге? Силер отургузмайын алар «Көрбөйт экен, билбейт экен. Булар «лопух», өзүнчө погон тагынып алып кыйын боло беришет» деп жүрө берет. А силер мыйзамдуулукту көрсөткүлө. Эскертем, катуураак иштегиле», — деди ал.

Видеонун 4:30 минутунан тарта көрүңүз

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️