Көп улуттуу Интернационал айылында биринчи жолу сүмөлөк даярдашты. Сүрөт

TurmushЧүй облусунун Ысык-Ата районунун Интернационал айылында Нооруз майрамына карата «Ынтымак бар жерде ырыс бар» аталышындагы иш-чарада алгачкы жолу сүмөлөк кайнатылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Маалым болгондой, иш-чарага райондук мамлекеттик администрациянын аппарат башчысы Марипа Байшембаева, аталган айыл өкмөттүн башчысы Азат Камчыбеков жана башка жетекчилер, эмгек сиңирген артист Дилшат Кангелдиева, жашоочулар катышты. Салтанаттуу иш-чаранын алкагында сүмөлөк бышырылып, улуттук спорттук оюндар, салт-санаалар көрсөтүлүп, концерттик программа менен коштолду.

Интернационал айылынын тургундарынын айтымында, аталган айылда эгемен жылдардан бери сүмөлөк алгачкы жолу даярдалып жатат. Сүмөлөк жасоо аземинин уюштуруучусу Жамила Абированын демилгеси менен сүмөлөк кайнатууну эстафеталык иш-чарага айлантуу колдоого алынып, эстафета Ысык-Ата районунан Бишкек шаарына өткөрүлүп берилди.

Ошондой эле айылдагы Актилек орто мектебинде Нооруз майрамына карата уюштурулган эркин күрөш боюнча эл аралык мелдеш башталды.

  • Айыл аймакта кыргыз, орус, немис жана башка 7 улуттун өкүлдөрү жашайт.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️