Көмөкчү чордондор, электр мамылары жана таза суу түтүктөрү жабыркады

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushКаттуу келген селден улам Ош шаарынын аймагындагы бир катар коммуналдык тармактарда авариялык абалдар катталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, көмөкчү чордондорду, мамычаларды жана таза суу насостук станциясынын түтүктөрүн сел алып кетти. Мындан сырткары борбордук базар да убактылуу жабылып, электр энергиясын берүү токтотулду.

Учурда кырдаалды жөнгө салуу боюнча тиешелүү кызматтар иш алып барууда.

Акыркы сааттардагы маалыматка караганда, селдин кесепетинен Ош шаарында тез жардам кызматына жалпы 30 чакыруу болгон. Анын ичинен 17 жаранга жеринде жардам көрсөтүлдү, 9 жаран шаардык клиникага, 4 жаран облустук ооруканага жеткирилди.

Учурда 8 жаран шаардык клиникадан үйүнө чыгарылды (амбулаторияга), 1 жаран клиникада каралып жатат, абалы жакшы.

Пример HTML-страницы

Облустук ооруканадан 3 адам үйгө чыгарылды, 1 тургун клиникада каралып жатат.

Ош шаарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Алдын ала маалыматтарга караганда, Төлөйкөн айыл аймагында жайгашкан Араван—Ак-Буура каналына 7 автоунааны сел агызып кеткен. Төлөйкөн айыл аймагындагы жайкы эс алуучу жайда эс алып жүргөн 4 жаран белгисиз болууда.

Озгур айылында селден жарандарды өткөрүү үчүн элди «КамАЗ» унаасына түшүрүп жатышып, унаа жылып кетип, 1 жаранды тебелеп кеткен. Анын кесепетинен аталган жаран жеринде каза болгон.

Жалпы 134 үйгө сел кирип, 17 үйдүн дубалы бузулду. Болжол менен 15 унаа селден жабыркады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️