Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

Көк-Жайык жайлоосундагы шаркыратмага баруучу жалгыз жол жабылып, туристтерди нааразы кылууда

Акыркы жанылыктар

TurmushЖети-Өгүз өрөөнүндө жайгашкан Көк-Жайык жайлоосунда быйыл боз үй шаарчасы эрте түптөлдү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына Жети-Өгүз районунун тургундары кабарлашты.

Алардын айтымында, жайлоого райондун көпчүлүк айылдарынан келген тургундар жайкысын конок күтүп, каражат табышат.

Жылдагыга караганда быйыл боз үй шаарчасы эрте түптөлүп, учурда келген эс алуучулардын саны арбын.

Көк-Жайык жайлоосундагы 30-40 метр бийиктиктен түшкөн шаркыратма бар. Жайлоого келген туристтер ал жерге сөзсүз барып, сүрөткө түшүп, таза абада дем алышат. Мындагы бир көйгөй — жол кууш. Шамалдан улам кулаган бак-дарактар ичке жолду жаап калган. Эс алуучулардын айтымында, шаркыратмага баруучу жалгыз аяк жол кооптуу абал жаратууда. Алар эс алуучулар көп болгондуктан жолду ачып берүүнү суранышты.

Азырынча жайлоодо кымыз сезону баштала элек. Ал эми Жети-Өгүз курортунда саамалдын литри 250 сомдон сатылууда.

Көк-Жайык — Ысык-Көл ойдуңундагы кооз жерлердин бири. Жети-Өгүз суусунун ортоңку агымында жайгашкан. Таманынын узундугу 3 км, туурасы 1 км. Көк-Жайык Тескей Ала-Тоонун бийик бөлүгү менен орто бийиктеги Көк-Бел тоосунун ортосунда кеңдик багытында созулуп жаткан байыркы өрөөндүн бир бөлүгүн ээлейт. Жети-Өгүз өрөөнүнүн тегиз жана жайык бөлүгү. Өрөөн аркылуу Жети-Өгүз суусу агып өтөт. Таманы жантайма (5–100) түздүк байыркы мореналарга, флювиогляциалдык чөкмөлөргө, ошондой эле аллювий-пролювий тектерине толгон.

Көк-Жайыктын башы (түштүк-чыгыш тарабы) байыркы өрөөн мөңгүсү жаткан тепши сымал өрөөн, түндүгүндө Көк-Бел тоосун Жети-Өгүз суусу кесип өтүшүнөн пайда болгон антецеденттик кууш капчыгайга өтөт. Өрөөндүн капталдарына кыска кокту, сайлар мүнөздүү. Климаты мелүүн континенттик, июлдун орточо темпретурасы 13°С, январдыкы — 7,5°С. Шиберлүү жана токойлуу (карагай, бадалдуу) кооз ландшафты менен өзгөчөлөнөт. Маанилүү жайкы жайыт. Эс алууга ыңгайлуу. Мында малчылардын майрамы, улуттук оюндар өткөрүлүп турат. Жайкы туризм өнүккөн. Көк-Жайык формасы жагынан чыгыш жагы ачык табигый стадион сыяктуу жер. Түштүк жана батыш капталдары калың карагайлуу токой, түндүгү кызыл аскалар, ортосу көк шибердүү түздүк. Кийинки жылдарда түз жерлерге карагай отургузулуп, табигый кооздук бузулган. Түндүк жагынан Көк-Жайыкка келе жатканда Жарылган жүрөк деген кооз кызыл аска көрүнөт. Өрөөнгө автомобиль жолу жетет. Көк-Жайыктан 4-5 чакырым төмөнүрөөк «Жети-Өгүз» курорту жайгашкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE