Көчмөндөр оюндарында жеңишке жетебиз (видео)

Кыргыз спорт жанылыктары

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көк бөрү боюнча мелдеште жеңишке жетебиз деп баратабыз. Бул тууралуу Кыргызстандын көк бөрү боюнча курамасынын оюнчусу Өмүрбек Эсен уулу билдирди.

Анын айтымында, курама команда Астанада өтө турган Көчмөндөр оюндарына эки ай даярданды. Эми сентябрдын башында жолго чыкканы жатышат.

«V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыгыбыз жакшы. Көл жергесинде эки ай даярдык көрдүк. Буйруса аттарыбыз да, балдар да даяр. 1-2-сентябрларда жолго чыкканы жатабыз», — дейт ал.

Өмүрбек Эсен уулу бардык командалар жеңиш үчүн бара жатканын, алардын да көздөгөнү жеңиш экенин айтты.

«Ал жерге баары жеңебиз деп барат. Буйруса биз да жеңебиз деп турабыз. Кудай буйруса, жеңип келебиз», — дейт ал.

Эскерте кетсек, V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Казакстандын борбору Астанада 8-14-сентябрда өтөт. Анын алкагында көк бөрү жана көкпар боюнча эки бөлөк мелдеш өтөт. Кыргызстан ал мелдештерге көк бөрүдөн да, көкпардан да команда жөнөтүп жатат.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️