Көчөт тандоодо эмнеге көңүл буруу керек?

TurmushТалас шаарында көчөттөр сатыкка чыкканын аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, көчөттөрдүн басымдуу бөлүгү өлкөнүн түштүк аймагында жайгашкан райондордон келет.

«Алманын бардык сорттогу көчөттөрү 100 сомдон сатылып жатат. Жергиликтүү тургундар көбүнчө крипсон сортундагы алма көчөттөрүн алып жатышат. Ал эми алмурут жана алчанын көчөттөрү 150 сомдон сатылууда», — дешти сатуучулар.

Дүйнөдө алманын көп түрлөрү бар. Адистердин божомолдору боюнча, алардын саны 25 миңден 35 миңге чейин. Албетте, ушунча сорттун арасынан ылайыктуу көчөт тандап алуу өтө кыйын. Бирок тажрыйбалуу багбандар алманын дарагын өлкөбүздүн дээрлик бардык аймактарында өстүрүп, андан мыкты түшүм алууга толугу менен мүмкүн экенин айтышат.

Сортту тандоодо алма бактын чоңдугу маанилүү фактор. Эгер сизде чоң жер болсо, анда тандоодо эч кандай кыйынчылыктар болбойт, бирок биздин мамлекетте бакчалардын көпчүлүк бөлүгү 6 сотых жер болгондуктан, карлик жана жарым карлик түрү чакан жерде өсүүгө ылайыктуу.

үкөндөн же базардан көчөт сатып алууда таажыдагы бутактардын санына көңүл буруңуз (4-5 болушу керек). Кыйыштыруу тамырдан 7-8 см алыста ​​болушу кажет. Көчөттүн дени сак, кабыгы жана тамыры болуш зарыл.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️