Күз узакка созулуп, жаз эрте келген Кара-Гуз айыл өкмөтү (видео, сүрөт)

Turmush«Элдик уламыштар» рубрикасында бул жолу Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кара-Гуз айыл өкмөтү тууралуу сөз кылабыз.

Аталган айыл өкмөттүн башчысы Дагыбек Мамишовдун айтымында, кыш жеңил болуп, жаз эрте келгени үчүн бул аймак Кара-Гуз аталып калган.

«Ата-бабаларыбыздын айтымында, илгери биздин айылда күз мезгили узакка созулуп, жаз эрте келип, кар бат ээрип, жер эрте карарып кеткен экен. Ошондон улам Кара-Күз деп жүрүп кийин Кара-Гуз аталып калыптыр», — дейт айыл өкмөт башчы.

Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн курамына 6 айыл кирет. Алар: Алтын-Күрөк, Кара-Жыгач, Насирдин, Калматай, Кара-Гуз, Жаңы-Талаа.

Айыл элинин басымдуу бөлүгү мал чарбачылыгы, дыйканчылык менен алектенет.

«Биздин айылда суугат суу маселеси бар. Биз Кеңеш айыл өкмөтү менен биргеликте долбоор жазып, иш башталган. Азыр лотоктор алынып келине элек. Лотоктор алынып келсе эле айыл эли суугат суудан кыйналбай калмак. Жыл сайын Тар дарыясынан мотордун жардамы менен сууну тарттырып келип, айдоо аянтарына коё беребиз. Жалпы 100 гектар айдоо аянтыбыз бар», — деди Мамишов.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️