Күмүш чачпак, бермет менен кооздолгон кеп такыя жана 1 кылым сакталган мылтык

Акыркы жанылыктар

Turmush«Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси 150 уникалдуу буюм менен толукталды.

Музей комплексинин эсепке алуу бөлүмүнүн башчысы Шайыр Абжапарованын айтымында, кызматкерлер музей фондуна кыргыздардын жоголуп бараткан көөнө буюмдарын жыйноо максатында жасаган экспедициянын жыйынтыгында эки айылдан 150 уникалдуу буюмду топтоп келишкен. Ал буюмдардын арасында 1 кылымдык жана андан да көп убакыт сакталган буюмдар бар.

«Көөнө мурастарды топтоштуруу үчүн Маданият министрлиги тарабынан акча бөлүнгөн. Ошонун негизинде Араван районунун Чөгөм, Кара-Суу районунун Кожокелең айылдарына экспедицияга барып, ал жактан уникалдуу этно буюмдарын топтоштуруп келдик. Негизи көп жылдан бери экспедиция жүргүзүлбөй, элдер өздөрү буюмдарды алып келип жүрүшкөн. Элден жалпы 150 буюм сатылып алынды. Алардын арасында 1 кылымга жакын сакталган мылтык, 2 кылымдык кеп такыя, таар, ийик, жибек жиптер, тон сыяктуу буюмдар бар», — дейт Шайыр Абжапарова.

Кеп такыяны Чоң-Алайдан Улукбүбү Жунусова аттуу айым алып келген. Кеп такыя 1897-жылы төрөлгөн Айша аттуу энеге тиешелүү болуп, ал 1952-жылы Турна Ахуновага берген. Турна эне кызы Улукбубу Жунусовага берген. Ал мезгилде кеп такыя кызды күйөөгө узатып жаткан учурда белекке берилген. Бул кеп такыянын өзгөчөлүгү, куйрукка чейин майда сайма сайылып чыккан. Күмүш чачпак, бермет, чын седеп менен кооздолгон. Көптөгөн иш-чараларга алып барылып, Курманжан датка тасмасында да кийилген.

Ошондой эле Чөгөм айылынын жашоочусу Маматиса Ашировдун чоң атасынан калган 1 кылымдык айры мылтыгы да алынды. Ал мылтык аңчылыкка ылайыктап жасалган. Ок-дары салуучу баштыктары кайыштан жана уйдун мүйүзүнөн жасалган.

Пример HTML-страницы

Мындан сырткары кытайлык кыргыздардан келген төөнүн жүнүнөн жасалып, сайма сайылган тегиргич [шырдак], 7 жыл көңгө көмүлгөн ийик, саймаланган ашкана чий алып келинген.

Шайыр Абжапарова бул буюмдар 20-50 жылда жоголуп кетүү божомолу болгондуктан музейде бар экендигине карабастан топтоп кое берүү керек экенин айтат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️