Күйөөсү таштап кеткен жаш келин 6 кичинекей баласы менен оор шартта калган. Погончон айым унутпаган окуя

Акыркы жанылыктар

Turmush«Погончон сулуу» рубрикасынын кезектеги каарманы — Балыкчы шаардык коомдук коопсуздук кызматынын жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын инспектору, милициянын капитаны Ширин Давлетова.

Давлетова Ширин Кермакуновна 1989-жылы 14-октябрда Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айылында туулган. Ал кичинесинен милициянын иши менен тааныш. Анткени атасы Давлетов Кермакун Бакирович милицияда кызмат өтөп, полковник чининде ардактуу эс алууга чыккан.

«Атамдын форма кийип, милицияда кызмат өтөп, мекенге кызмат кылганы бизге чоң таасир калтырды. Андыктан иним экөөбүз тең ата жолун жолдоп милиция болдук. Мектепти аяктагандан кийин Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын аяктадым. Андан кийин милиция болом деген кыялымды ишке ашырдым», — дейт ал.

Иниси милициянын улук лейтананты Амантур Бакиров быйыл кышында музга түшүп кеткен эки баланы сактап калганын буга чейин Turmush басылмасы жазган.

«Мен атамдай милиция кызматкери болууну кыялданып, анын жолун жолдодум. Бул да жоопкерчиликтүү. Анткени көчөдө формачан кетип баратсам элдер таанып, «ай, сен баланчанын кызы турбайсынбы? Атаңдай жакшы милиционер бол» деп айтып калышат. Атамдын атын жакшы сөздөр гана коштосун деп ак эмгек кылам. Атам дайым бизге коомчулукта жана жеке адамдар менен кандай иш алып барыш керектигин акыл насаат кылып айтып турат. Биз да жанына барып, атам менен дайым кеңешип турабыз. Анын акыл насааты бизге азыр да чоң дем берет», — дейт ал.

Пример HTML-страницы

Ширин жолдошу да милиция кызматкери болгон. Учурда турмуш шартка байланыштуу башка кесип менен алектенет. Экөө 4 баланын ата-энеси.

«Эң биринчи жолу форма кийген күнүм дале эсимде. Форма менен чогуу сага мекендин чоң жүгү жүктөлгөнү сезилет. 2015- жылы ППСке кирдим, форма кийгенде толкундануу сезими болду», — дейт ал.

Бул аралыкта Ширин милициянын түйшүктүү, сыймыктуу жумушун башынан өткөрдү. Бирок ошолордун ичинен майда балдары менен калган келиндин окуясы аябай таасирленткен.

«Эң биринчи мен патрулдук кызматка киргем. Ал жактан тергөөгө которулуп, тергөөчү болуп иштеп жүрдүм. Республикалык окутуу борборунун жарнамасын көрүп калдым. Мугалим окуутучуларга сынак жарыялайбыз дегенди көрүп, өз күчүмдү сынап көрөйүн деп тапшырдым. Дене тарбия, тестирлөөдөн өтүп, Бишкек шаарында иштеп калдым. Ал жактан жолдошум менен таанышып, кичи мекени Балыкчы шаарына келдик. Учурда бул шаарда эмгектенип, жашап келебиз.

Милициянын жумушунда көп эсте калган окуялар болот. Бирок мен ыйлап, жүрөгүмө жакын кабыл алганым бул жаш өспүрүмдөр менен иштеп жүргөндө болду. Бир аз камсыз болгон үй-бүлөгө комиссиянын курамы менен бардык. Анда жаш келиндин 6 кичинекей баласы бар экен, күйөөсү таштап кетиптир. Эң кичүү баласы жөрмөлөп калыптыр. Үй шартты абдан начар экен. Балдарга абдан боорум ооруду. Энеси иштейин десе балдарды караш керек. Балдардын көз карашы жүрөгүмдү оорутту. Чыгып кетип баратсаң, жөрмөлөп жүргөн баласы диванга чыгып, андан терезеден биз узагыча карап турду. Анын көз карашын унута албай, аябай ыйлагам. Кийин келин менен байланышып, жардамдашып жүрдүк. Балдар чоңоюп, өзү жумушка кирип, турмуш шарттары оңолуп кетти. Негизи кандай күн болбосун балдар жакшы шартта чоңойсо, өлкөнүн келечеги жакшы болобу дейм.

Учурда жумушка байланыштуу ар бир балага өзүнчө мамиле кылып, ар бир баланын тилин табууга аракет кылабыз. Биз аларга азыртадан туура жол көрсөтүүгө милдеттүүбүз», — деди ал.

Бул эмгектердин артында Ширин Давлетова жергиликтүү бийликтин, балдар менен иштөө уюмдарынын, жетекчиликтин ардак громата, алкыш баракчаларына ээ болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️