Пример HTML-страницы

Көпчүлүк үзүп ыргыткан төө уйгактын кандай пайдасы бар?

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Кочкор районунда уйгак өсүмдүгүн дары катары колдонуучулардын саны көбөйүүдө. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы уйгак өсүмдүгүнүн элдик дарыгерликте кайсыл ооруларга колдонулуп жаткандыгына кызыкты.

Кара-Күңгөй айылынын тургуну Уулман Өскөнбаева төө уйгактын жалбырагын суук тийип, шишип ооруган бутка тартуу менен буттун шишиктерин дарылоого болорун айтты.

«Бул өсүмдүк кой уйгак, ит уйгак жана төө уйгак деп бөлүнөт. Төө уйгак тез жайылуучу өсүмдүк. Ал айдоо аянттарынын жээгинде өсүп, тез жайылып кетет. Отоо өсүмдүккө киргендиктен жоготуп турбаса, малдын денесине жабышып, койлордун жүнүн бузат. Жабышкан жеринен оңой менен чыкпайт. Бирок төө уйгактын дарылык касиетин көптөр биле бербейт. Жөн эле жулуп ыргытып жибербей, дары катары колдонсо, бир канча дарттарга шыпаа.

Бардык чөптөр (өзгөчө алардын тамырлары) кайсы бир ооруларга дары экендигин билебиз. Отоо чөп болгон төө уйгак (лопух) онкологиялык рак ооруларын дарылоодо жакшы натыйжа берет экен. Төө уйгак кант диабети, ашказан жана он эки эли ичеги жараты, гастрит, бронхит, гайморит, ревматизм, подагра, артрит, остеохондроз, грыжа, жүрөктү дарылайт. Төө уйгак эки жылдык өсүмдүк. Жалбырагы жаш, бир жылдыгын казып алуу керек. Ал эми эки жылдыгы тикен болуп кетет. Ал бүт күчүн уругуна берип койгон болот. Бул тамырларды сууга кайнатып, же термоско демдеп, тамак алдында 20-30 минут калганда ач карын ичсе пайдалуу. Андан сок даярдап сактап коюп, онкологиялык ооруларга ичсе пайдасын берет», – деди ал.

Эскертүү, бул өсүмдүктү колдонордон мурда дарыгер менен кеӊешиӊиз!

Уйгак — өсүмдүктөрдүн татаал гүлдүүлөр тукумундагы уруусу. Эки жылдык, бийиктиги 1-1,5 метрге жеткен чөп. Сабагы түз, көгүш же кочкул кызыл түстүү. Жалбырагы чоң, узундугу 50 сантиметр, туурасы 20-30 антиметр, формасы жүрөкчөдөй. Себетче топ гүлү сабактын жогору жагында шыпыргыдай топ гүлдү түзөт.

Жер жүзүндө 11ден ашык түрү отоо чөп катары кеңири таралган. Кыргызстанда 2 түрү кездешет. Алар өрөөндөн тартып, бөксө тоолорго чейинки нымдуу жерлерде өсөт. Илгертеден эл арасында дары өсүмдүк катары пайдаланылган. Анын тамырындагы инулин, шекер, учуучу майлар көп дарыларга кошулат да, муун, тери жана башка ооруларды айыктырат.

Мөмөсүндө 25-30 пайыз репей аттуу май бар. Жаш кезиндеги тамыры жана сабагы тамак катары желет. Гүлүндө бал ширеси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE
https://www.binance.com/ru/activity/referral-entry/CPA?fromActivityPage=true&ref=CPA_00NB2ZZDKX
Пример HTML-страницы