Көк-Жаңгак шаарынын архив кызматына 22 млн сомго жаңы имарат курулуп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусундагы Көк-Жаңгак шаарында 46 жылдан кийин шаардык архив кызматына жаңы имарат курулууда. Бул тууралуу шаар мэри Сыргак Замирбек уулу билдирди.

Анын айтымында, курулуш иштерин кийинки жылдын жаз айларына бүтүрүү пландалууда.

«Көк-Жаңгак шаардык архив кызматынын имараты 1978-жылы курулган. 2001-жылы бул жайга көчүп келип иштеп баштаган. Бирок имараттын эскилиги жеткендиктен дубалдарында жаракалар пайда болуп, шыптарынан суу тамып, анда эмгектенген жумушчуларга ыңгайсыздык жаралып келчү. Мындан 15 жыл мурда, тагырагы 2009-жылы аталган имаратка ӨКМ тарабынан «иш алып баруу кооптуу» делген авариялык корутунду чыгарылып берилген. Бирок жаңы имарат курууга каражат жок, башка жакка көчүрүүгө чамасы келбегендиктен ушул жерде актап-сырдап иштеп келишти.

Бүгүнкү күндө архив кызматкерлери үчүн 2 кабаттуу имараттын курулушу башталды. Анын сметалык баасы 22 млн 495 миң сом. Курулуш республикалык бюджеттен каржыланууда. Ал үчүн тендер жарыяланып, андан «СК Амазон» ЖЧКсы утуп алып ишти баштады. Буйруса курулуш иштери жаз айларына бүтүп, кызматкерлери жаңы имаратка көчүрүү планыбыз бар», — деди мэр.

Көк-Жаңгак шаардык мамлекеттик архив кызматында бүгүнкү күндө 4 кызматкер эмгектенип келет.

Пример HTML-страницы
  • Юстиция министрлигинин маалыматтар базасындагы «СК Амазон» ЖЧКсы 2024-жылдын 22-августунда кайра каттоодон өткөн. Анын жетекчиси жана түзүүчүсү катары Толонбаев Омурбек Каримович көрсөтүлгөн. Ишкана башка топторго кирбеген курулуш-монтаждоо иштери менен алектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️