Пример HTML-страницы

Күнүнө 4 сааттан машыккан Б.Жоробеков армрестлинг Өбоюнча Кыргызстандын үч жолку чемпиону болууга жетишти

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас районунун 16 жаштагы тургуну Булан Жоробеков атасынын жолун жолдоп, армрестлинг менен машыгууда. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.

«Мен Талас районунун Көк-Ой айылында төрөлгөм, учурда Бишкек шаарындагы №3 мектеп-гимназиясында 9-класста окуйм.

Атам кол күрөштөн машыктыруучу болуп эмгектенет. Кичинекей кезимде эле атамдын ийгиликтүү шакирттерин көрүп, мен дагы аларга окшоп чемпион болууну кыялданчумун. Мектепте сабактар бүткөн соң, машыгууга жөнөйм. Мен жекшемби күндөн сырткары күнүнө 3-4 сааттан машыгам.

Армрестлинг боюнча Кыргызстандын 3 жолку чемпионумун (2021-2022-2023-жылдары) жана дүйнө чемпионатынын күмүш медалын алгам. 2022-жылы Түркиянын Кемер шаарында өткөн Дүйнө чемпионатында 2-орунду камсыздагам.

Окуу жагынан программист болгум келет, спорт жагынан армрестлинг боюнча Дүйнө чемпионатында алтын медаль алуу максатым бар. Ата-энем мени дайыма колдоп турушат. Үй-бүлөдө 2 бир тууганбыз, карындашым бар», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE