Пример HTML-страницы

IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Жумгалдан барган 2 балбан жеңиш менен кайтышты

Акыркы жанылыктар

TurmushIV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында байгелүү орундарды алып келген теңир-тоолук балбандарды Жумгал районунун Жаңы-Арык айылында тосуп алуу иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, аба күрөшү боюнча күч сынашып, олжолуу орундарды алып келишкен Шатман Эсенбек уулу менен Азим Эсенбек уулун район жетекчилиги баштаган топ тосуп алып куттукташты.

Эки балбан Куйручук жана Жаңы-Арык айылдарындагы орто мектептерде мугалим болуп эмгектенип, жаш муундарды сергек жашоого үндөшөт. Бул күнү район жетекчиси жана айыл өкмөттөр акчалай сыйлык жана мугалимдердин эл аралык күнүнө карата ардак грамота жана ыраазычылык каттарын тапшырышты.

Түркиянын Изник шаарында 2-октябрда жыйынтыкталган IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында кыргызстандык спортчулар 58 медалга ээ болушту. Кыргызстандыктар спорттун 14 түрүнөн катышып, 16 алтын, 17 күмүш жана 25 коло медалга ээ болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE