Пример HTML-страницы

Иттин терисин сыйрып… Милиция Ноокатта тартылган видео боюнча комментарий берди

Акыркы жанылыктар

TurmushСоциалдык тармактарда иттин терисин сыйрып жаткан кишинин видеосу тарады.

Ош облусунун Ноокат районундагы цемент заводунун аймагында тартылган делген видеодо эркек киши итти илип алып, терисин сыйрып жатканын көрүүгө болот.

Буга байланыштуу цемент заводунун юристи июнь айынын башында Ноокат РИИБдин кызматкерлери заводго келип, социалдык тармактарда чыккан маалыматтын негизинде текшерүү жүргүзүшкөнүн билдирди.

«Милиция кызматкерлери менден жана биздин жетекчиден көрсөтмө алды. Биз өз аймагыбызды көрсөттүк. Видеодогу контейнерге жарым-жартылай окшош контейнер бар, бирок башка. Анан дагы видеодогу адам бизде иштебейт. Анын үстүнө кийген формасы биздин заводдогу формага окшош», — деди ал.

Ал арада Ош облусунун ички иштер башкармалыгы социалдык тармактарда пайда болгон маалымат Ноокат РИИБде катталганын билдирди. Тергөөгө чейинки текшерүү башталган.

«Текшерүү учурунда цемент заводунун өкүлдөрү күбө катары суралган.

Тартылган видеонун негизинде тиешелүү экспертиза дайындалды. Эксперттин корутундусу боюнча мыйзам чегинде чечим чыгарылат», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE