Италиялык жигитке жубай болгон Алина Касмалиеванын чет өлкөдөгү жашоосу

Акыркы жанылыктар

Turmush«Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — Италияда жашап жаткан Алина Касмалиева. Ал Чүй облусунун Кемин шаарында төрөлүп өскөн. Мекендеш чет жактагы жашоосу тууралуу айтып берди.

«Бишкектеги жогорку окуу жайлардын биринде дүйнөлүк экономиканы окучумун. Ошондо эле Кытайда окууну жана банкта иштөөнү атам сунуштаган болчу. Атамдын бул планы мен үчүн туруктуу жана ишенимдүү сезилди. Чынын айтканда мындай келечекти ким каалабайт. Бирок жолумдун башкача болушун ички сезимим менен туюп жаттым. Башка элдин маданияты менен таанышуу, жаңы горизонтторду ачуу жана башка атмосфераны сезүүнү ар дайым кыялданчумун.

Менин сапарым Москвадан башталып, ал жерде жарым жыл болдум. Бирок көп өтпөй күнөстүү жерде жашагым келип жатканымды түшүндүм. Кыргызстанга кайтып келип, Италияны тандап алдым. Бул өлкөгө жаңы барганда туугандарымдын болушу мага абдан жардамы тийди. Мен италия тилин билчү эмесмин. Ал өлкө жөнүндө билимим макарон жана Адриано Челентанонун тасмалары менен гана чектелчү. Бирок Неаполь шаарында жашап жүрүп, тез эле тилин өздөштүрүп кеттим», — деди Алина.

Ал Италиянын маданиятын, менталитетин жана тилин үйрөнгөн эң биринчи үйү Неаполь шаары болгонун белгиледи.

«Эмилия-Романья жана Ломбардия аймактарында мода дүйнөсүнө жана сулуулук сынактарына сүңгүп кирдим. Miss GrandPrix жана Miss Straniera сынактарына катышуу жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты. Мода боюнча карьераны улантуу үчүн 2019-жылы Миланга көчүп бардым. Көргөзмөлөргө катышып, Nino Ubiria, Lasabira жана Morgan Visioli сыяктуу белгилүү бренддер менен кызматташтым. Милан карьералык өсүштүн гана эмес, жаңы ачылыштардын да жери болуп калды. Мода көргөзмөлөрүнө жана кастингдерге катышуудан сырткары бай үй-бүлөдө бала багуучу болуп иштедим. 2020-жылдагы пандемия өзүнүн кыйынчылыктарын алып келди. Бирок өзүмдү ачуунун, таануунун мезгили болду. Психологияны изилдеп, аралыктан ICF дүйнөлүк стандарттагы коуч, психолог-консультант боюнча окуй баштадым. Бул окууларым жеке өсүүнүн маанилүүлүгүн түшүнүүгө жардам берди», — деп бөлүштү ал.

Пример HTML-страницы

2023-жылы ал Луиджи аттуу италиялыкка турмушка чыккан. Жубайлар Кыргызстанга келүүнү пландап жатышат.

«2024-жылы Палермо университетинин психологиялык илим жана техника факультетине тапшырдым. Ири камсыздандыруу компаниясында маектешүүнүн бардык этаптарын ийгиликтүү аяктап, консультанттын кызмат ордуна кабыл алындым.

Менин Италия менен Кыргызстандын ортосундагы мамилелердин өнүгүшүнө кошкон салымым эки элдин элчилигинин активдүү кызматташуусу аркылуу билинет. Ошол эле учурда ыктыярчылык долбоорлорго, анын ичинде Сицилиядагы деңиз жээгин тазалоого катышам», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️