Ири таштар каптаган Ысык-Көлдөгү айылда 300гө жакын турак үй жабыркады

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл районунун Садыр-Аке айыл аймагына караштуу Б Темир айылында кечээки селдин кесепетинен 300гө жакын үй жабыркады, деп билдирди аймактык кабарчысы.

Маалыматка караганда, бардык тиешелүү кызматтар селдин кесепеттерин жоюу менен алектенүүдө. Селден улам ири таштар турак үйлөргө чейин агып келип, кесепетин тийгизген.

Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 18-августундаты Nº195 «Ысык-Көл районунун аймагында өзгөчө кырдаал режимин киргизүү жөнүндө» тескемеси кабыл алынган.

Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү селдин кесепеттерин жоюуга райондун бардык кызматтары тартылып, Жети-Өгүз, Түп райондорунан да техникалар жөнөтүлгөнүн, жергиликтүк бийлик тарабынан кесепеттерин жоюу жана жабыркагандарга жардам көрсөтүү боюнча бардык чараларды көрүлүп жатканын маалымдады.

Буга чейин ӨКМ 17-19-августта туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн экенин билдирген. Сел коркунучу бар аймактарга Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Жети-Өгүз, Ысык-Көл, Түп жана Тоң райондору кирди.

Пример HTML-страницы

Ысык-Көл облусунда селден улам бир катар жолдордо унаа кыймылы токтотулган.

Ошондой эле Ысык-Көл жана Тоң районунда өзгөчө кырдаал режими жарыяланды.

Күбөлөрдүн айтымында, Кескен-Бел ашуусун кыян суу каптады. Учурда жерине Тоң району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылды.

Мындан тышкары Аксай айылына кокту-колоттордон суу түштү. Селдин кесепетинен айрым унаалар жолдон өтө албай калган.

Төмөнкү унаа жолдор убактылуу жабылды:

— Григорьевка—Көл-Кашка-Суу унаа жолунун 0-16 чакырымын суу каптап, каттам жабылды (Григорьевка капчыгайына баруучу жол);

— Бөкөнбаев—Көл-Төр—Дөң-Талаа унаа жолунун Көл-Төр—Коңур-Өлөң 42-43 чакырым бөлүгү жабылды;

— Тогуз-Булак айылына баруучу жол (Тогуз-Булак айылынын кире бериши) жабылды;

— Ак-Сай—Көк-Сай унаа жолунда каттам жабык;

— Ак-Терек—Дөң-Талаа унаа жолунда каттам жабык;

— Балыкчы—Бөкөнбаев—Каракол унаа жолунун 60-70 км аралыгы жабылды (Кескен-Бел бөлүгү). Бул унаа жолдун 58-чакырымда Кызыл-Туу айылындагы көпүрө авариялык абалда. Каттам чектелген.

Учуда атайын техниканын жардамы менен жолду тазалоо иш-аракеттери жүрүүдө.

18-августта Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында сел жүрдү.

Кечээ, 18-августта Жети-Өгүз районуна өзгөчө кырдаал режимин жарыялоо маселеси каралып жатканы маалымдалган.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, сел турак үйдү бузуп, кашарды каптаган.

«Суу акырындык менен азайып жатат. Бирок кайра жаан жааса, көбөйүшү мүмкүн. Акыркы жолу мындай окуя 8-10 жыл мурун болгон. Суу кичинекей дарыядан келди», — деди жашоочу.

Мындан тышкары сел балык багылган көлмөнү жууп кеткен.

«Балыктардын баары качты, ар кайсы жерде жатат. Канча деген эмгек кеткен… Ошондой эле сел картошканы агызып кетти», — деди турган.

ӨКМ Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда суунун деңгээли көтөрүлүп, кашардын короосун каптаганын билдирген.

Алдын ала маалыматка карганда, 18-августта саат 15:30 чамасында жааган жаандын кесепетинен Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылындагы Чоң Кызыл-Суу суусунун деңгээли көтөрүлүп, Москва көчөсүндө жайгашкан 1 кашардын короосун суу каптап жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине Жети-Өгүз райондук өзгөчө кырдаалдар бөөлүмүнөн ыкчам топ жана жарандык коргонуу комиссиясы барып, суунун нугун буруу үчүн экскаватор тартылууда.

Ошондой эле Саруу айылындагы Чийдүү-Колот коктусунан келген сел суулары Жууку унаа жолун каптап өтүп, кум шагылга толтурган. Аталган ички чарбалык унаа жолун тазалоо иштери Кызыл-Суу айыл аймагына тапшырылып, 1 даана жүктөгүчтүн жардамы менен кыян сууларынын кесепеттери жоюлду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️