Интернетке тараган видеодон кийин «Мерседестин» айдоочусу Бишкекке кетип баратканда токтотулду

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Кара-Суу районунда автоээнбаштык жасаган айдоочуга айып пул салынды. Бул тууралуу Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн, 26-октябрда саат 14:20 чамасында Ош—Араван жолунда Араван районунун тургуну А.М. өзүнүн унаасы менен автобейбаштык жасаган. Күбөлөр «Мерседес» үлгүсүндөгү унаанын үстүнө отуруп бараткан адамды видеого тартып алышкан.

Кара-Суу райондук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан айдоочу Бишкек шаарына кетип бара жаткан жерден токтотулду. Ага Укук бузуулар кодексинин 189-беренесинин (автоээнбаштык) негизинде 15 миң сом айып пул салынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️