Пример HTML-страницы

Интернет аркылуу таанышкан жигити менен күтүүсүз жерден баш кошкон Л.Мирошникованын кызыктары

Акыркы жанылыктар

Turmush«Жубайлар» рубрикасынын кезектеги каармандары — Любовь Мирошникова жана Константин Лаптиев.

Алар 2023-жылдын май айынын башында баш кошушкан. Любовь кыргыз тилинде эркин сүйлөйт. Анткени ал 1997-жылы Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында төрөлүп-өскөн.

Л.Толстой атындагы №1 мектеп-гимназиясын аяктаган соң, Каракол шаарынын И.Ахунбаев атындагы медициналык колледжинде билим алган. Аталган окуу жайды артыкчылык диплому менен аяктаган.

Ал эми Константин Лаптиев 1993-жылы Бишкек шаарында жарыкка келген. Мектепти аяктаган соң, Б.Ельцин атындагы Кыргыз-орус славян университетинде билим алган. Учурда курулуш тармагы боюнча кесипти аркалоодо.

Каарманыбыз өмүрлүк жолдошу менен интернет аркылуу таанышканканын айтат.

«Мен медициналык окуу жайды аяктаган соң, алгачкы иш тажрыйбамды Балыкчы шаарындагы тез жардам бөлүмүнөн баштадым. Бир жылдай эмгектенип, Бишкек шаарындагы лабораториянын биринде медайым болуп ишке орноштум. 2022-жылы 14-февралында жолдошум экөөбүз интернет аркылуу таанышып калдык. Экөөбүз эки айдан кийин жолугуп, кыз-жигит катары көп деле сүйлөшкөн жокпуз», — деди ал.

Анын айтымында, жигити күтүүсүз жерден үйлөнүүгө сунушун киргизген.

«Бишкек шаарында билинбей эле 4 жылдай иштеп коюптурмун. Анан Москвага өзүмдүн кесибим боюнча иштеп келүүнү көздөп, былтыр декабрда жөнөп кеттим. Ал жактын аурасы көп деле жаккан жок. Өзүмдүн туулуп-өскөн мекенимди эңседим. Анан быйыл 13-мартта туулган күнүмө карата жигитим белек берип жиберем деди. Дал ушул күнү Константин Бишкектен Москвага барып, аюнун кийимин кийген бийчилерди жалдап, колуна 101 даана роза көтөрүп келсе болобу. Абдан таң калып, сөзүнө турганына, ак көңүлдүгүнө, жоопкерчиликтүүлүгүнө жана өжөрлүгүнө баа бердим. Анан туулган күнүмдү белгилеп жатып, колумду сурады», — деди ал.

Ал баш кошуу алдында улуттук каада-салт колдонулганын кошумчалады.

«Россиядан Кыргызстанга апрель айынын башында келип, тойго даярдык көрдүк. Салт боюнча кызга калың берилбейт. Үлпөт тоюбуз 2 күнгө уланды. Биринчи күнү келинчек үйдөн чыкпай, болочоктогу күйөөсүн күттү. Менин жакын санаалаштарым, курбуларым жана эжелерим жолдошумду босогодон өткөрбөй, ар кандай тоскоолдук жаратканга аракет кылышты. Анда келечектеги келинчеги тууралуу ар тараптуу суроолорду берип, жооп алышты. Бул учурда күлкүлүү окуялар да коштолот. Константин такалып калган жерден мени алып кетүүнүн жолун издеп, акча берип кутулду. Анан жаштар менен Бакыт үйүнө барып, никебизди мыйзамдуу түрдө каттатып, сейилдедик. Кечинде ресторанга барып, той башталып, жакындарыбыз жакшы тилектерин каалап өтүштү. Эртеси дачага жөнөп, келиндик милдетим башталды. Меймандардын башын бириктирип, сый көрсөттүк. Бул учурда өзүмдүн апам күйөө баласына блинчик бышырып берип, өз колу менен жегизип, тоюбуз жакшы жыйынтыкталды. Жолдошум экөөбүздүн келечекке карай көптөгөн ой-максаттарыбыз бар», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE