Пример HTML-страницы

«Интер билим» үйлөрү буздурулган ноокаттык тургундардын укугу боюнча маселе көтөрдү (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 30-августта АКИпресс-Ошто өткөн маалымат жыйында «Интер билим» коомдук уюмунун Оштогу жетекчиси Гүлгакы Мамасалиева Ноокат районундагы үйлөрү бузулган тургундардын маселелери боюнча бир канча фактыларга токтолду.

Анын айтымында, «Интер билим» уюмунун Оштогу бөлүмү турак жайларды мыйзамсыз бузуудан жарандарга келтирилген зыянды эсептеп чыкты. Апрель айында Ош—Баткен—Исфана (азыркы Раззаков) унаа жолун куруу үчүн үйлөрдү бузуу иштери башталган. «Интер билимдин» Ош филиалы тарабынан жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгында жергиликтүү бийликтин чечими менен 491 объект бузулууга тийиш экендиги белгилүү болгон. Алардын арасында 132 турак жай, 292 тосмо жана шлагбаумдар, 57 коммерциялык имарат бар.

Гүлгакы Мамасалиева жергиликтүү бийликтин мыйзамсыз аракеттерине укуктук баа берилбей, компенсация төлөөнү бир дагы орган мойнуна албай жатканын айтты.

«Ноокат районунун жергиликтүү бийлиги өз алдынча комиссия мүчөлөрү менен биргеликте «үйлөр, тосмолор бузулсун» деген буйрук чыгарып коюптур. Комиссиянын курамында 19 мекеменин мүчөлөрү бар экен. Ошолордун бирөөсү да жарандардын укугун коргоп, «бул буздуруулар мыйзамсыз» деп үн катпаптыр. Апрель айында Транспорт министрлигинин тапшырмасы менен бузулуп жатканын айтып, шылтоо кылышты. «Интер билим» уюму Транспорт министрлигине сүрдүрүүгө кандай тиешеси бар экенин билүү үчүн кат жолдогонбуз. Ал каттын жообу келди. Транспорт министринин орун басары: «Ош—Ноокат—Баткен жолунун долбоору боюнча үйлөр бузулбайт. Жол четиндеги үйлөрдүн бузулуусуна биздин тиешебиз жок» деп жооп берди. Жооп келгенден кийин «жергиликтүү бийлик кызыл сызыкка чыгып кеткен үйлөрдү аныктап жатат» деген жооп айта башташты. Кызыл сызык 1986-жылы аныкталса, андан бери эмнеге карап отурушту? «Кадастр» мекемеси, архитектура башкармалыгы аракетсиздиги үчүн жооп бериши керек. Кызыл сызыкка чыгып-чыкпаганын сот аныктайт. Жергиликтүү бийлик соттун милдетин аткарып калганбы?», — деди Г.Мамасалиева.

«Интер билим» уюму жергиликтүү бийликтин буйругун жокко чыгаруу жана көрүлгөн иш-аракеттеринин мыйзамдуу же мыйзамсыздыгын аныктоо боюнча Ноокат райондук прокуратурасына кайрылган. Прокуратура «мыйзамсыз аракеттер жок» деген кыска гана жооп берген. Андан кийин буйрукту жокко чыгаруу үчүн Ош облустук сотуна кат менен кайрылышкан. Ош облустук соту «сотко чейинки териштирүү тиешелүү деңгээлде жүргүзүлгөн эмес» деп ишти артка кайтарып койгон. Учурда апелляциялык арыз жазылды.

«Бузула турган 400дөн ашык үйгө мониторинг жүргүзгөнүбүздө 280-300дөй үйдүн документи бар экен. Үй ээлерине «бекер жактоочу беребиз, сотко кайрылгыла» десек, үч-төртөө гана араң макул болушту. Бул жарандардын укуктук деңгээли төмөн экенин билдирет. Ошондой эле соттон компенсация өндүрүү үчүн ошол өндүрө турган сумманын кайсы бир пайызын төгүш керек экен. Мисалы, 1 млн сомдук компенсация ала турган болсо, 50-45 миң сом төлөшү керек. Ага жарандардын дарамети жетпейт. Биздин оюбузча, жергиликтүү бийлик сотко, прокуратурага басым жасап, «териштирүүнү узартып тургула, биз ага чейин тургундардан тосмо арыз алабыз» дешкен. Себеби угушубузча, жарандарды кыйнап, «өзүбүз буздурдук» деген арыз жаздырып жатышат. Кыйнап, тил кат алуу фактысы боюнча да сотко кайрылса болот. Биз жолдун курулуусуна каршы эмеспиз. Биз мыйзамдуулуктун сакталышын гана талап кылып жатабыз. Эртең бир жетекчинин эле буйругу менен сиздин үйдү буза берсе болобу? Үй буздуруунун өз этаптары бар. Булар шашылыш эле буздуруп, бир да мыйзамды сакташкан эмес», — деди Г.Мамасалиева.

—————————————————————

Буга чейин Ош—Баткен—Раззаков (мурунку Исфана) унаа жолунун Ноокат районун аралап өткөн аймактарынын боюндагы кызыл сызыкка чыккан курулуштарды жылдыруу иштери башталганы маалымдалган.

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдиновдун Ноокат районунун жашоочулар менен жолугушуусунда аким Данир Иманалиев Ош—Баткен унаа жолунун 47 чакырым тилкеси оңдолорун, бул аймакта 52 объект кызыл сызыкта экенин билдирген болчу.

———————————————-

Turmush басылмасы Ноокат районунун Көк-Жар айылынын тургундары жолдорду оңдоону талап кылып, нааразычылык акциясына чыкканын жазган. Маалым болгондой, 50гө чукул адам топтолуп, Ош—Баткен жолунун Ноокат районундагы тилкесин оңдоону жана элге жер тилке берүүнү талап кылышкан.

  • 2021-жылы сентябрь айынын ортосунда Транспорт жана жолдор министрлиги «Эл аралык маанидеги магистралдык жолдорду жакшыртуу» долбоорунун алкагында Ош—Баткен—Исфана унаа жолунун 28-чакырмынан баштап 74-чакырымына чейинки тилкеси оңдоло турганын маалымдаган. Бул иштер үчүн жалпы 13,642 млрд йен (133,58 млн доллар) каралган. Анын ичинен 11,915 млрд йен (116,47 млн доллар) Япониянын өкмөтү тарабынан жеңилдетилген шартта насыя катары берилсе, 1,727 млрд йен (16, 88 млн доллар) кыргыз тараптын үлүшү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE