Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

ИИМ айрым ички иштер бөлүмдөрүнүн башчыларын ротациялады. Алар кимдер?

TurmushИчки иштер министрлиги бир катар ички иштер бөлүмдөрүндө кадрдык ротация жүргүздү.

Маалыматка караганда, 2022-жылды жыйынтыктаган коллегияда ИИМдин башчысы Улан Ниязбеков милициянын райондук-шаардык кызматтарын чыңдоо максатында ички иштер органдарынын жетекчилик курамдарын ротациялоо иштерин дагы улантып, коомдук коопсуздукту камсыздоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү иш-чараларын чыңдоону мындан ары дагы ишке ашыруу керектигин белгиледи.

Министр өткөн жумада ротация боюнча тиешелүү буйруктарга кол койду.

— милициянын полковниги Болот Арзыгулов Нарын облусунун Ат-Башы РИИБдин башчысы кызматынан бошотулуп, Жалал-Абад ШИИБдин башчысы кызматына дайындалды;

— милициянын полковниги Мартбек Зикиров Ош облусунун Кара-Кулжа РИИБдин башчысы кызматынан бошотулуп, Нарын облусунун Ат-Башы РИИБдин башчысы кызматына дайындалды;

— милициянын полковниги Жаныбек Канзаманов Баткен облусунун Баткен ШИИБдин башчысы кызматынан бошотулуп, Талас облусунун Бакай-Ата РИИБдин башчысы кызматына дайындалды;

— милициянын полковниги Алмазбек Кубатбеков Жалал- Абад облусунун Жалал -Абад ШИИБдин башчысы кызматынан бошотулуп, Баткен облусунун Баткен ШИИБдин башчысы кызматына дайындалды;

— милициянын полковниги Маратбек Шайбеков Талас облусунун Бакай-Ата РИИБдин башчысы кызматынан бошотулуп, Ош облусунун Кара-Кулжа РИИБдин башчысы кызматына дайындалды;

— милициянын подполковниги Болотбек Кундузов Баткен облусунун Лейлек РИИБдин башчысы кызматынын бошотулуп, ушул эле облустун Кадамжай РИИБдин башчысы кызматына дайындалды;

— милициянын майору Кожобек Козубаев Баткен облусунун Кадамжай РИИБдин башчысы кызматынан бошотулуп, ушул эле облустун Лейлек РИИБдин башчысы болуп дайындалды.

Жаңы дайындалган жетекчилерге коомдук тартипти сактоого, кылмыштуулук менен күрөшүүгө жана анын алдын алууга, кылмыштардын бетин ыкчам ачууга, кылмыштуу кол салууларды болтурбоого арналган санарип тутумун бекемдөө, райондордогу негизги жерлерге видеокамераларды орнотуу, жарандардын арыз-кайрылууларына өз убагында жооп берүү жана милициянын көчмө кабылдамалары менен жарандарды кабыл алуу, алар көтөргөн маселелерди чечүү тапшырмалары берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE