Turmush — Ош облусунда ички иштер органдарында көп жыл эмгектен 3 ардагер мезгилсиз дүйнө салды.
Милициянын полковниги Батыров Асылбек Салиевич 2024-жылдын 1-сентябрь күнү каза болду.
Ал 1959-жылы Кара-Суу районунун Сарай айылында туулган. 1992-жылы Казакстан Республикасынын ИИМнин Алма-Ата жогорку мектебин аяктаган. Кесиби боюнча юрист.
Эмгек жолу:
— 1982-1984-жылдары Куралдуу күчтөрүнүн жоокери;
— 1985-1987-жылдары Ысык-Көл облусунун Прежевальск аткаруу комитетинин ички иштер бөлүмүндө жашы жете электердин иштери боюнча аймактык тескөөчү;
— 1987-1990-жылдары Ысык-Көл облусунун Ак-Суу РИИБдин жашы жете электердин иштери боюнча башчысы;
— 1990-1991-жылдары Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук ИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн ыкчам өкүлү;
— 1991-1992-жылдары Ош облусунун Кара-Суу райондук ИИБдин алгачкы тергөө (дознания) боюнча улук инспектору;
— 1992-1993-жылдары Ош облусунун ИИБдин тергөө бөлүмүнүн тергөө бөлүкчөсүнүн тергөөчүсү;
— 1993-1995-жылдары Ош облусунун ИИБдин бангизаттарга каршы күрөшүү боюнча бөлүмүнүн тергөөчүсү;
— 01.06.1995-19.09.1995-жылдары Ош облусунун ИИБдин баңгизаттарга каршы күрөшүү боюнча бөлүмүнүн улук тергөөчүсү;
— 1995-1996-жылдары Ош облусунун ИИБдин баңгизаттарга каршы күрөшүү боюнча бөлүмүнүн тергөө тобунун улук тергөөчүсү;
— 1996-1997-жылдары Ош ОИИБдин тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсү;
— 13.06.1997-01.07.1997-жылдары Ош ОИИБдин тергөө бөлүмүнүн көзөмөлдөө методикалык бөлүмчөсүнүн башчысы;
— 1997-1998-жылдары Ош ОИИБдин тергөө бөлүмүнүн тергөө бөлүкчөсүнүн башчысы;
— 30.01.1998-06.11.1998-жылдары Ош ОИИБдин тергөө бөлүмүнүн тергөө бөлүкчөсүнүн улук тергөөчүсү;
— 1998-2003-жылдары Өзгөн РИИБдин башчысынын тергөө боюнча орун басары, тергөө бөлүмчөсүнүн башчысы;
— 2003-2004-жылдары Ноокат РИИБдин башчысынын тергөө боюнча орун басары, тергөө бөлүмчөсүнүн башчысы;
— 2004-2005-жылдары Кара-Суу РИИБдин башчысынын тергөө боюнча орун басары, тергөө бөлүмчөсүнүн башчысы;
— 22.05.2007-19.06.2007-жылдары Ош ШИИБдин тергөө бөлүмүнүн жалпы кылмыштарды тергөө бөлүмчөсүнүн бөлүмчө башчысы;
— 2007-2010-жылдары Ош ШИИБдин тергөө бөлүмчөсүнүн жол-унаа кырсыктарын тергөө бөлүмчөсүнүн бөлүмчө башчысы;
— 2010-2012-жылдары Ош ШИИБдин башчысынын орун басары.
Асылбек Батыров
Ошондой эле 2024-жылдын 25-августунда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын ардагерлер кеңешинин төрагасы, милициянын полковниги майору Касым Кадыров узакка созулган оорудан улам көз жумду.
Касым Кадыров
2024-жылдын 23-августунда милициянын полковниги Базарбай Төрөгелдиев каза тапты. Ал Ош ШИИБде кызмат өтөп, 2024-жылдын 6-майында ардактуу эс алууга узатылган.
Базарбай Төрөгелдиев
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.