Пример HTML-страницы

«Хонданын» айдоочусу ылдамдыкты ашырып, ЖКККБдан изин жашырып кеткен. 15 чакырымдан кийин кырсыкка кабылды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushБишкек—Нарын—Торугарт айланма унаа жолунда ЖКККБ кызматкерлерине баш ийбеген айдоочу жол кырсыкка кабылды. Бул тууралуу Чүй ОИИББ боюнча ЖКККБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 2024-жылы 20-июнда Бишкек—Нарын—Торугарт айланма унаа жолунун 37-чакырымында Чүй ОИИББ боюнча ЖКККБнын кызматкерлери жол кыймылынын коопсуздугун камсыздап жаткан учурда, саат 18:31 чамасында «Хонда Степвагон» үлгүсүндөгү унаасы күн чыгыштан күн батышты көздөй белгиленген ылдамдыкты ашырып, 127 чакырым менен бара жаткан. Унаа ЖКККБ кызматкерлер тарабынан токтотулган. Бирок унааны башкарып келе жаткан айдоочу кызматкерлерге баш ийбей, токтобой кетип калган. Мындан улам Бишкек—Нарын—Торугарт айланма унаа жолунун 55-чакырымында жол коопсуздугун камсыздап жаткан кызматкерлерге «Хонда Степвагон» үлгүсүндөгү унаа белгиленген ылдамдыкты ашырып бара жатканы жана токтобой кеткендиги радиостанция аркылуу билдирилген.

Бирок, «Хонда Степвагон» Бишкек—Нарын—Торугарт айланма унаа жолунун 55-чакырымында жол коопсуздугун камсыздап турган кызматкерлерге жеткен эмес. Бишкек—Нарын—Торугарт айланма унаа жолунун 51-800-чакырымында күн чыгыштан күн батышты карай бара жатып, ошол эле багытта бара жаткан «Мерседес-Бенц 208» үлгүсүндөгү унаасын артынан барып сүзгөн. Андан соң жолдун жээгинде даракты сүзүп токтогон.

Жол кырсыктын кесепетинен «Мерседес-Бенц 208» үлгүсүндөгү унаасынан бир жүргүнчү жана «Хонда Степвагон» үлгүсүндөгү унаасынан эки жүргүнчү Ысык-Ата районунун аймактык ооруканасына ар кандай жаракаттар менен жеткирилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE