Химия мугалими Н.Толобаева заманбап технологияларды колдонуу менен жер-жемиштерди өстүрөт

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл районунун Чоң-Өрүктү айылынын 34 жаштагы тургуну Нуржан Толобаева дыйканчылык менен алек.

«Мен 1990-жылы Түптүн Долон айылында төрөлгөм. 2010-жылы ноябрь айында Ысык-Көлдүн Чон-Өрүктү айылына келип болуп баргам. Ошол эле айылда жашап келем. 2008-2014-жылдар аралыгында Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде химия жана химиялык технология факультетинде билим алгам. Учурда адистигим боюнча, мектепте химия сабагынан мугалим болуп эмгектенем. Муну менен катар үй-бүлөм менен талаа иштери менен да алекмин. Карагаттын эки сортун, малина жана кулпунай эгип, тамчылатуу сугаруу жолу менен өстүрдүк. Негизи бала кезибизден атам маңдай тер менен эмгектенгенге үйрөткөн. Айылыбыз дагы мөмө-жемиш өстүрүү боюнча алгылыктуу иш алып барышат. Ошолордун таасири астында дыйканчылыкты баштаганбыз», — деди ал.

«Негизги басымды кулпунайга койдук. Экологиялык жактан таза мөмө-жемиш өстүрүүгө аракет кылып, биогумус дагы өндүрдүк. Эрте жаздан баштап эле кеч күзгө чейин оору жана зыянкечтерге каршы биопрепараттарды колдонобуз. Биогумустун ээритмесин көп колдонгонго аракет кылып келебиз.

Быйылкы жылы клубника 150-300 сом, малина 150-200сом, карагат 250 сомдон сатылды. Түшүм Кудайга шүгүр, берекелүү болду. Былтыр баа быйылкыга салыштырмалуу жогору болгон. Биздин айылда кабыл алуучу пункуттар болгондуктан, өндүрүлгөн мөмөлөрдү сатуу оңой.

Бодо мал, кой кармайбыз. Жайкысын жайлоодо, кышта короого келет. Уй саап, сүт өткөрбүз. Бош убактымда гипс менен идиш-аяк, тыйын чогулткуч (копилка) жасайм. Балдар үчүн таза азыктардан чупа-чупс жасап, магазинге өткөрөм. Айнек идиштерди жасалгалап, ижарага да берем. Келечекте үлгүлүү үй-бүлө болуп, балдарга татыктуу тарбия, билим бергим келет. Дыйканчылыкта эмгектенүү менен замандын талабына ылайык технологияларды колдонуу, адамдар үчүн сапаттуу мөмө-жемиштерди өндүрүүнү көздөйм», — деди ал.

Пример HTML-страницы

Нуржан Толобаева 1 уул жана 3 кыздын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️