Гузаль Сеиткоджаева кош бойлуу экенине карабай жүгөрү талаадан жоголгон кызды издеген 

Акыркы жанылыктар

TurmushТокмок ШИИБдин КККнын жашы жете электер инспекциясынын аймактык тескөөчүсү, милициянын майору Гузаль Сеитходжаева бир тууган агасын көрүп, бул кесипти тандап алган. Аны менен аймактык кабарчы маектешти.

Ал 1986-жылы 12-январда Нарын облусунун Кочкор районундагы Кочкор айылында туулуп өскөн.

«Жолдошум, 2 кыз, 1 уулум бар. Улуу кызым 18 жашта. А.Токтоналиев атындагы финансы экономикалык техникумунда 3-курсунда билим алып жатат. Экинчи кызым 6-класста, уулум болсо 4-класста билим алат. Уулум окуудан сырткары футбол жана бокс менен машыгат. Өзүм 2008-жылы ИИМдин Э.Алиев атындагы Академияны аяктагам.

Милиция кесибин тандоого бир тууган агам Б.Сеитходжаев түрткү берген. Ал 2001-жылы ошол эле мен окуп бүтүргөн окуу жайга тапшырып, 2006-жылы аяктаган. Агам айылдагы үйгө каникул учурунда милиция формасын кийип келип, окуу жана дисциплина тууралуу айтып берчү. Ошондон баштап, аябай суктанып, аталган окуу жайга тапшырууга тилек кылчумун. Ошентип мектеп курактагы кыялым орундалып, ички иштер органдарында 2006-жылдан бери кызмат өтөйм», — деди ал.

Каарманыбыз үзүрлүү эмгектин арты менен бир топ сыйлыктарга татыган.

Пример HTML-страницы

«Жетишкендиктерим бул ар кандай кызмат тарабында иштеп, көп тажрыйба алдым десем жаңылышпайм. Кесибим мени дисциплинага, туруктуулукка, күчтүүлүккө, алдыга умтулууга үйрөттү. Азыркы учурда «Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо» жөнүндө курсту аяктап келдим. Ар кандай коомдук иш-чараларды алып баруу — бул менин казынага кошула турган дагы бир билимим деп эсептейм.

Ырдаганды жана спорт менен машыкканды жакшы көрөм. Бош убактымды балдарыма арнап, татыктуу билим жана тарбия алышына жардам берүүдөмүн. Ошондой эле 10-15 мүнөт болсо дагы чогуу отуруп, маектешип, мектепте жетишкендиктерин жана достору ортосундагы мамилелерин кызыгып сурап турам.

Алдыга коюлган максаттарымды жана аларды ишке ашырууга дайыма умтулуп келем. Элибизге убагында жардам берип, жеринен көйгөйлөрүн чечип, зордук зомбулукка каршы жергиликтүү комитеттери менен биргеликте гендерлик сезимталын жогорулатуу багытында иштер жүргүзүлүүдө. Буйруса алдыда ала турган подполковник наамымдын мөөнөтү дагы келип калды», — деди Г.Сеитходжаева.

Погончон айым түнү менен жүгөрү талаасында жоголгон кызды издеген окуясын унутпайт.

«Иш үстүндө көп эле эсте калган окуялар болот. Көбүнчө жаш өспүрүмдөр менен иштегендиктен, алардын ичкилик ичкен ата-энелерин ата-энелик укугунан ажыратып, балдарды интернат коомдук жайына жайгаштыруу мага өтө оор жана эң кыйын сезим менен коштолот. Ар кандай окуяларды көрүп жүрөгүм эзилет. Дүйнөдөгү эч бир бала көз жашын агызбасын дейт элем.

2012-жылы сентябрь айларынын биринде кечки саат 19:00 чамасында нөөмөт бөлүмгө «2 жашар кыз жоголду» деген билдирүү келип түштү. Ошол замат окуя болгон жерге жөнөдүк. Келээрибиз менен экиге бөлүнүп, издөөгө түштүк. Кыз жоголду деген жерге жакын жүгөрү талаасы бар экен. Жүгөрү талаанын ичине кирип, издеп баштадык. Ал жерден баткак кечип, бутубуз аябай суу болду. Бир маалда алдыман бир нерсе шырп эле дей түштү. Колумдагы кол чыракты ошол тарапка сунсам, кара чаар жылан соймолоп кетти. Жүрөгүм шуу дегенин айтпаңыз. Айлана капкараңгы. Колубузда кармап жүргөн колчырагыбыз дагы жарыгын бербей өчүп жатты. Баарыбыз талаанын ар кайсы жеринде кыздын атын атап, кыйкырып жаттык. Бир маалда жүгөрү талаасынын аяк чегине чыгып калыптырбыз. Саат таңкы 4:30-5:00 болуп калган болчу.

Бир кезде ары жактан кимдир бирөөнүн жөтөлгөн үнү чыкты. Чуркап барсак эле бир кичине кыздын коркуп, эки көзү тостойуп, отурганы көрүндү. Жүрөгүм опкоолжуп же сүйүнөөрүмдү же кубанычтан ыйлап ийеримди билбей калдым. Ошол убакта кош бойлуу кезим болчу. Кызды кийип турган курткама ороп көтөрүп, жүгөрүнү аралап бери чыктык. Тез жардам чакырып, ата энесине тапшырып, ооруканага алып кеттик. Түнү менен сарсаана болуп издегенибиздин акыбети кайтып, кызды аман-эсен куткарып калганыбызды эстеп, бир жылмайып алам», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️