Германияга барып, маданий шок болгон Айпери Октябрбек

Акыркы жанылыктар

Turmush«Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — Бишкек шаарынын 23 жаштагы тургуну Айпери Октябрбек. Ал Германияга кантип келип калганын, андагы жашоо жана аткарган жумушу тууралуу Turmush басылмасына айтып берди.

«Мен 2001-жылы Бишкек шаарында жарыкка келгем. Үй-бүлөдө 3 бир тууганмын, эки сиңдим бар. Ата-энем жеке ишкерлик менен алек. Мектепти аяктагандан кийин Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер (неми тили) факультетин аяктагам. Адистигим боюнча лингвист болуп эсептелинем.

Учурда Германиянын Берлин шаарында жашайм. Алгач “Au Pair” программасы аркылуу баргам. Немис үй-бүлөсү менен жарым жыл чогуу жашап, алардын маданияты, каада-салты жана күнүмдүк жашоосу менен тааныш болдум. Өзүм немис тилинен мугалим болгондуктан Германияга иш сапарлар менен каттап жүрдүм. Бул жакта студенттерди Германияга окууга, ишке жөнөтөбүз. Бир жыл мурун Германияга көчүп, мугалим катары келгем. Учурда өзүбүздүн компанияны ачуу аракеттерин көрүүдөбүз. Ал компанияны негиздөөгө кол кабыш кылып, жумушка орноштуруу жаатын карап келем. Германия Европадагы эң алдыңкы өлкөлөрдүн катарын толуктайт, бардык жагынан өнүккөн. Анда жалпы 80 миллиондон ашуун адам жашайт«», — деди ал.

Анын айтымында, алгач Германияга келгенде маданий шок болгон.

«Мисалы, немистер дасторкон үстүндө отуруп, тамак ичип жатканда салфетканы (кагаз майлык) алып чыгып, чимкире беришет. Алардын мындай жоругуна таң калып, бир чети итиркейим келип, башкача боло түшкөм. Адам баарына көнөт дегендей, убакыттын өтүшү менен бул жоруктарына өтө деле таң калбай калдым.

Германияда айдоочулук күбөлүгүн алдым, жол эрежелерин абдан сакташат. Бул жакта унаа айдайм. Бир эле эрежесин бузсаң, айдоочулук күбөлүгүңдү дароо алып, унаа айдоого тыюу салышат. Батир алуу үчүн да өтө көп документ топтоп, чогултуш керек. Ижара, кредиттик тарых сыяктуу нерселердин баарын тастыктаганда гана ала аласың», — деди ал.

Каарманыбыз алдыга койгон ой-максаттары менен бөлүштү.

«Бош убактымда бачата деген бийге барам. Бир жумада эки уч жолу барганга аракеттенем. Муну менен катар спорт менен машыгып, волейбол ойнойм.

Келечекке карай койгон ой-максаттарым абдан көп. Алардын сап башында компаниябыздын ачылуу аземин өткөрүп, немис тилди башка элге да окутуу», — деп сөзүн жыйынтыктады Айпери Октябрбек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️