Пример HTML-страницы

Германияда эмгектенген ат-башылык Заринанын күтүлбөгөн окуясы

Кыргыз спорт жанылыктары

Turmush«Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Ат-Башы айылынын 21 жаштагы тургуну Зарина Таалайбекова. Учурда ал Германиянын Констанц шаарындагы конок үйдө ыктыярчы болуп иштеп жатканын, жаңы келгендеги кызыктуу окуяларын жана алдыга койгон ой-максатын Turmush басылмасына айтып берди.

«Мен Ат-Башы айылында туулуп-өскөм. Апам баатыр эне, үй-бүлөдө 7 бир туугандын улуусумун. Менден кийинки сиңдим быйыл 9-классты аяктады. Ал дагы 18 жашка чыгып эле, менин артымдан келем деп жатат. Учурда тил үйрөнүү менен алек, ага чет өлкө кызык көрүнүп жатат го сыягы. Алгач ата-энеме мени чет өлкөгө жиберүү кыйынга турду. Алар мага 2 жылдай уруксат бербей жатып, араң көндүргөм. Бирок азыр туура эле кылганымды айтып калышат.

Окууну быйыл аяктайм, кесибим боюнча орус тили жана адабияты сабагы боюнча мугалиммин. Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайлардын бирине тапшыргам. Ошол жактан немис тили менен таанышып, Германия өлкөсү боюнча терең окугам. Биринчи семестр аяктагандан тарта Германияга барчу жолдорду издей баштадым. Көп өтпөй социалдык тармак аркылуу “Au-Pair” программасы жөнүндө билип калдым. Шарттары менен жакшылап таанышып, баары купулума толуп, Германияга кеткенге даярдана баштагам», — деди ал.

Анын айтымында, немистер бала тарбиялоодо кыргыздардан бир топ эле айырмаланышат.

«Германиянын эли сылык-сыпаа, кичи пейил, ар дайым жылмайып жүрүшөт. Ал эми аба ырайы суук, жаан-чачын көп болот. Немистердин балдарга берген тарбиясы биздикинен бир топ эле айырмаланып турат. Балдарды саат 20:00дөн кийин уктаганга, уюлдук телефон пайдаланбаганга, сыналгы көрбөгөнгө, таттууну ашыкча жебегенге көндүрүшөт. Күнүмдүк жаман адаттардан арылтып, пайдалуу нерселерди жашоосуна алып келүүгө аракетин көрүшөт. Мисалы — спорт менен машыгуу, китеп окуу, туура тамактануу жана башка ушундай сыяктуу нерселер», — деди ал.

Каарманыбыз бөтөн жердеги эстен кетпеген окуясы менен бөлүштү.

«Германияга баргандан кийин аупер («аu pair» — чет өлкөдө башка үй-бүлө менен жашап, алардын балдарын карап, маданият жана тил үйрөнүүнү каалаган 18ден 30 жашка чейинки жаштар) болуп иштеп жүрдүм. Күндөрдүн биринде карап жаткан балдарды эшикке алып чыгып, ойнотуп келем деп жоготуп алдым. Аларды 2 саат бою ар жактан издеп, коркконумду айтпаңыздар. Ар кандай ойлор келип, “эми булар мени Кыргызстанга кетиришет” дегем. Маанайым түшүп, абдан чарчаңкы абалда келсем, жанагы мен издеп жүргөн балдар үйдө отурушуптур. Ал убакта уюлдук телефонум бар, бирок SIM-карта ала элек болчумун. Аларды бир нече саат бою издеп жүргөнүмдү айтсам, алар мени издешкенин айтышты. Ошентип өзүмө келип, санаам тынчый түшкөн», — дейт ал.

Ал Германиядагы кыргыздардан саны акыркы 2 жылда өскөнүн белгиледи.

«Бош убактымда үйдө отурбаганга аракет кылам. Германиянын ар бир бурчун изилдеп, андан ары Европа өлкөлөрүн жана шаарларын көргөнгө тырышам. Акыркы 2 жылдан бери кыргыздар аябай көбөйүп калдык десем болот. Мекендештерди жолуктуруп калсам, абдан сүйүнүп калам.

1-июлдан тарта «Ausbildung» боюнча билим алып баштаймын. Келечекте Германиядагы окуумду ийгиликтүү аяктап, кайра Кыргызстанга кайтып, ата-энемдин жанында жашагым келет. Муну менен катар жашоодо ордумду таап, эли-жериме кызмат кылган кыздардын катарын толуктоону кыялданам», — деп сөзүн жыйынтыктады Зарина Таалайбекова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE