Пример HTML-страницы

Гүлжанат Буланова социалдык долбоордон акча алып, үйүндө түрдүү самындарды чыгарып жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushБакай-Ата районунун Ынтымак айылын 41 жаштагы тургуну Гүлжанат Буланова самындарды жасап жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, кесиби боюнча бухгалтер.

«Бир топ жыл айыл өкмөттө иштегем. Учурда Бакай Ата райондук суу чарба бөлүмүндө бухгалтер болуп иштейм.

Өкмөттүн социалдык долбооруна катышып, 100 миң сом акча алып, ага мал алганбыз. Малдан түшкөн кирешеге самын жасоо ишин баштадым. Самын майдан жасалат. 200 гр кем эмес самындын баасы 45 сом. Ал эми глицерин кошулган, дарылык касиети бар, чөптөрдөн жасалган самындар 25-30 сомдон. Эгер буйрутма беришсе каалаганындай жасап бере алам.

Бул ишти өзүмдүн үй-бүлөлүк кирешемди үнөмдөйм деп баштадым эле. Өзүм үчүн эле жасасам болду деп баштагам. Бирок элден буйрутма түшүп, кошумча кирешеге дагы айланып калды. Албетте кыйынчылык болот, бирок ошогода карабай болгон күчүмдү жумшап жатам. Буйруса дагы да чоңойтуп көбүрөөк даярдык көрүп жатам. Табигый самын порошок жана башка каражаттарды иштеп чыгууга аракет кылып жатам», — деди ал.

Гүлжанат айым 1 кыз, 2 уулдун ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE