Гүлнара Ишенбекова 3 жогорку окуу жайды аяктап, мугалим болуп иштеп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushМанас районунун Нылды айылынын 37 жаштагы Гүлнара Ишенбекова 3 жогорку окуу жайды аяктап, мугалим болуп иштеп жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Талас шаарындагы Абжалбек Чолпонкулов атындагы орто мектебин аяктагандан соң Талас мамлекеттик университетине экология бөлүмүн сырттан окуп бүткөн. Андан кийин Бишкек шаарындагы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунун комуз бөлүмүн аяктаган.

«Мектепти аяктап жатканда мугалимдик кесиптин ээси болом деген эмесмин. Кичинекей кезимден баштап эле музыка жаатына жакын болчумун. Окуучу кезимде 5 жыл музыкалык мектептин комуз бөлүмүнөн билим алгам. Чыгармачылыкка жакын болуп, ошол жакты эле тандайм деп ойлогом. Ошол эле учурда жаратылышка да абдан жакын болчумун. Биология сабагын абдан жакшы көрчүмүн. Ошондуктанэкология бөлүмүнө тапшыргам. Андан кийин музыка жаатында комуз бөлүмүнө да тапшырып, эки жаатты алып кетем деп ойлогом. Бирок тилекке каршы экологияга окуган дипломумдун үзүрүн көрө элекмин. Ал тармакта иштеген жокмун.

Андан кийин, мектепке музыка сабагынан мугалим болуп иштеп калдым. Мектепке жумушка киргенге чейин Атай Огомбаев атындагы музыкалык балдар мектебинде комуздан мугалим болуп иштегем. Айылга көчүп келген соң мугалимдик кесип аябай жагып баштады.

Эмгек жолумду Талас шаарындагы Атай Огомбаев атындагы балдар музыкалык мектебинде баштагам. Комуздан сабак берип 2 жыл эмгектендим. Андан кийин Талас шаардык маданият, маалымат жана туризм бөлүмүндө 2008-жылдан баштап 2016-жылга чейин эмгектендим. Андан соң үй-бүлөлүк шартка байланыштуу турмушка чыккан жерим Манас районунун Нылды айылына көчүп келдик. Бул жактагы Өмүрзак Израилов атындагы орто мектебине жумушка орноштум. 2016-жылдан баштап музыка сабагынан мугалим болуп иштеп баштадым. 2018-жылга чейин музыка сабагынан берип, тарбия завучу болуп эмгектендим. Андан соң Талас мамлекеттик университетинин филология факультетинин орус тил жана орус адабияты бөлүмүнө тапшырдым. Ал жакты 2020-жылы аяктап, мектепте орус тил жана орус адабияты сабагынан мугалим болуп иштеп калдым. 2019-жылдан баштап 2022-жылга чейин мектептин директору болуп эмгектендим.

Жолдошум «тынчың жок, баарына жетишесиң» деп айта берет. Мугалимдин ар бир күнү ушундай жемиштүү, окуяларга бай. Орус тилден жаңы сабак берип баштаган учурда «музыка эже» деп атап саламдашып жүрүштү. «Эже, сиздин сабак өткөнүнүз кызыктуу» деп, баалары жакшырып, кызыгуулары күчөгөн окууларым бар. Ар бир баланын өзүнүн шыгы болот. Бир бала комузга кызыгып, ошол тармакта шыгы болсо, бирөөсү орус тилине кызыгат. Ким кайсы сабакка жакын болсо, аны андан дагы кызыктырып, ошол багытта мыкты кылганга аракет кылып келем», — деди ал.

Пример HTML-страницы

Мугалим айым 3 кыз, 1 уулдун апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️