Пример HTML-страницы

Гүлүмкан айым интернеттен чеберчиликти үйрөнүп, үйүндө иштеп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushКурак курап, жер төшөктүн көркүн чыгарып тиккен баткендик 33 жаштагы чебер Ачылбек кызы Гүлүмкан бул өнөрдү интернеттен үйрөнгөн. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, 2 жыл мурда куракты курап баштаса, азыр кийим-кечелерден бери тиге алат. Буйрутмалар тынымсыз түшүп тургандыктан, ортомчусуз киреше табат.

«Мен Баткен районунун Кара-Булак айылынан болом. Кесибим математик. Бирок балдарым жаш болгондуктан жумушка чыкпай жүрөм. 2 жыл мурда интернеттен курактарды тиккенди көрүп суктангам. Анан кызыгуум артып, талыкпай үйрөндүм. Өз алдымча өзүмө тиге баштадым. Кийинчерээк буйрутмалар түшө баштады. Чынында элде талап көп экен. Айрыкча кыз бергендер сөзсүз сепке кошушат. Мен тигип эле койбой, пахта салып каптап берем. 4 жер төшөк 12 жаздыгы менен 13,5 миң сом болот. Мен аны 10 күндө даярдап тиге алам.

Чеберчилик үйдө отурган аялдарга жакшы киреше болот экен. Азыр эми бир эле төшөк эмес, курак менен кооздолгон чапан, костюмдарды тигем. Жаш балдардан баштап улуу кишилерге чейин буйрутма беришет. Кадимки чапанга курак кошуп тигем. Кездемесин да тандап, сапаттуусун алдырам. Учурда кардарлар облус боюнча бар десем жаңылышпайм. Сумка да тигем. Ал да курак менен куралып тигилет. Бул ишкердигимди дагы кеңейтсем дейм», — деди ал.

Чебер айым 5 баланын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE