Гүлзат Илебаева окуучулары менен биргеликте жараксыз буюмдарга экинчи өмүр берип келишет

Акыркы жанылыктар

TurmushАк-Суу районунун Маман айылынын тургуну Гүлзат Илебаева райондук балдар билим берүү борборунда 20 жылдан бери иштеп келет. Ал жараксыз буюмдарга экинчи өмүр берип келет. Кол өнөрчү мугалим менен аймактык кабарчы таанышты.

Гүлзат Илебаеванын жалпы педагогикалык стажы 22 жыл.

«Мен 1980-жылы төрөлгөм. 1997-жылы мектепти аяктагандан кийин К.Тыныстанов атындагы унверситетинин искусство факультетине тапшырдым. Окууну аяктаган соң өз адистигим боюнча Каракол шаарындагы балдар билим берүү борборунда иштеп баштадым. Анан Ак-Сууга которулдум. Ошондон бер бул жакта эмгектенип келем. “Скульптура жана сувенир” ийриминен балдарга сабак берем», — дейт ал.

Балдарды кол өнөрчүлүккө үйрөткөн Гүлзат эжей жараксыз буюумдарга экинчи өмүр берип келет.

«Менде 3 тайпа бар, 50гө чукул баланы окутам. Негизинен кагаз, желим бөтөлкө жана полиэтилен баштыктарын колдонобуз. Мурда ар кандай буюмдарды жасачубуз. 2020-жылы карантин учурунда базардан керектүү нерселерди базардан ала албай калдык. Анан ушул 3 материалды колдонуп калдык. Анткени бир колдонулуп, таштандыга кетет. Биз таштандыны көбөйтпөй, экинчи өмүр берип келебиз. Жасаган иштерибизди сынактарга алып чыгабыз. Биз жасаган иштер райондук, облустук жана эл аралык сынакта байгелүү кайтат. Анткени көргөн адам таштанды деп таштап жаткан заттан көз жоосун алган буюм жасайбыз», — дейт ал.

Анын айтымында, окуучулары ар бир сабакты чыдамсыздык менен күтөт.

«Биздин ийримге колунан көрү төгүлгөн, идеяга бай балдар келет. Аларды эч ким кыйнап ийримге киргизбейт. Шыгына жараша өздөрү сүйгөн иш менен алектенген балдар. Ар бир сабакты күтүп келишет. «Сабак аяктады, үйүңөргө баргыла» деп кетире албай, убара болом. Алар өз колунан жаралган сувенирди жакындарына алып барып, белекке беришет. Бул кубаныч алардын ийримге болгон кызыгуусуна стимул берип келет. Бизде окуп жүрүп, искусство жаатында билимин уланткан кыздарыбыз бар. Алар менен сыймыктанам», — дейт мугалим.

Гүлзат Илебаева билим берүү тармагындагы үзүрлүү эмгеги үчүн жергиликтүү жана Билим берүү жана илим министрлигинин ардак грамлоталары менен сыйланган. «Билим берүүнүн отличниги» төш белгисинин ээси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️