Физик Фатима Даркимбаева Ысык-Көлдөгү айылга мугалим болуп келип бактысын тапкан

Акыркы жанылыктар

TurmushЖети-Өгүз районунун Тосор айылынын 57 жаштагы тургуну Фатима Даркимбаева 34 жылдан физик мугалим болуп иштеп келет. Аймактык кабарчы мугалимден кабар алды.

Өзүнүн айтымында, Ак-Суу районунун Теплоключенка айылында төрөлгөн. Мектепти аяктап соң Пржевальск (азыркы Каракол) мамлекеттик педагогикалык институтунун физика факультетин бүтүргөн.

«Эмгек жолумду Тосор айылында физик мугалими болуп иштөөдөн баштадым. Ушул эле айылдан бактымды таптым. Кайын атам кыргыз тилчи мугалим эле. Атам мени байкап тың кыз, уулума ылайыктуу деп жолдошум менен тааныштырып баш коштук. Кудайга шугур 2 бала, 3 неберенин ата-энеси болдук», — деди ал.

34 жылдык ишинде 25 жыл окуу тарбия иштери боюнча директордун орун басары болуп иштеген.

«Окуучуларды өз балабыздай канатыбызга калкалап, билим берип, турмуш жолуна узатабыз. Алардын ийгилигин көрүп биздин окуучу деп сыймыктанабыз. «Эже сиз айткан таалим-тарбиянын жашоодо кереги тийди» деп келип ыраазычылык билдиргендер болот. Мындай учурдагы кубанычыбызды айтып жеткире албайсың. Кыргызстандын келечеги үчүн билимдүү коомду түзүүгө салым кошуп жатканыма эне катары жана жаран катары кубанычтамын», — деди ал.

Пример HTML-страницы

Физика илими так илим болгондуктан кесибинде да, жашоосунда да тактыкты талап кылат.

«25 жыл директордун орун басары болуп иштедим деп айтып өткөндөй, бул учурда окуучулар жана мектеп жамааты менен биргеликте райондук, облустук кароо-сынактарга, спорттук иш-чараларга активдүү катышып, мектептин, райондун жана облустун намысын коргоого салым коштук. Чынын айтсам мектептин иштери менен алек болуп жүрүп, балдарымдын кандай чоңойгонун сезбей калдым. Мектепте күнү кечке жумуш. Үйгө келип план жазып, өтчү иш чаралардын сценарийин түзүп, үтынымсыз учурлар болду.

Бирок бала ата-энесин кылган ишин көрүп эле тарбияланат экен. Кызым жана уулум да эң жакшы окуп, учурда өз жашоосун тың алып кетишүүдө. Кызым менин жолумду жолдоп, мугалим кесибин тандады. Учурда Каракол шаарында жеке бала бакча иштетет. Анын аракетчилин жана балдарга болгон жоопкерчилигин көрүп өзүмдүн жаштыгымды эстейм. Ал эми уулум Ысык-Көл лицейин аяктап жеке иштери менен алек.

Жаңыча ой жүгүртүп, заман талабына жараша билим берүү учур талабы. Мен дайыма окууларга катышып турам. «Санарип мугалим» долбооруна да катышып жатам. Азыркы жаштар билимдүү. Алардын каалоосун чектебей, ар тараптан өнүктүрүүгө салым кошушубуз керек. Сабактар кызыктуу болушу үчүн көрсөтмө куралдар менен катар жаңычылдык керек. «Кылым жашап, кылым окуу» дегендей билим алып, алдыга умтулуу менен билимдүү келечекти тарбиялоо башкы максатыбыз», — деди мугалим.

Фатима Даркимбаева билим берүү тармагындагы эмгеги үчүн бир катар сыйлыктар менен сыйланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️