Пример HTML-страницы

Фермер Нургазы Германиядан 180 000 долларга алып келген 200 баш козуну селекциялап жатат

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushСокулук районуна караштуу Асылбаш айылынын тургуну Нургазы Осмоналиев Европадан алынып келген «Дорпер» породасындагы 200 баш козуну 2 жылда 500 башка жеткирди.

Каарманыбыз 1991-жылы Сокулук районунда туулган. 9-класска чейин окуп, №28 Кыргыз-орус лицейинен айыл чарба багытында билим алган. 2 уул жана 1 кыздын атасы.

Фермер «Дорпер» породасындагы 200 баш козуну жалпы 180 000 (азыркы курс менен 15 млн 840 миң 000 сом) долларга алып келген. Тактап айтканда, бир козунун баасы жол кире менен чогуу 900 долларга айланган. Аларды Кыргызстанга атайын келишимдин негизинде фура менен алып келген.

«Учурда ата-энем менен турабыз. Учурда уй, кой жана жылкы багып жатабыз. «Дорпер» койлорун 2022-жылы декабрь айында Германиядан алып келгенбиз. Жүнү кыркылбайт, эти сиңимдүү, кара түстө болот. Майы көп болбойт. Биздин койлор жебеген чөптү ылгабай жей берет. Эгиздеп төл берет. Мындан улам санын көбөйтөлү деп чечтик.

Жакынкы өлкөлөрдөн «Дорпер» породасындагы койду табыш оңой болгон жок. Издеп жүрүп Европадан таптык. Германиядагы Гамбург шаарына барып, чоң фермадан 10 линия кылып, 200 баш козуну алып келдик. Учурда 500 башка чейин жетти», — деди ал.

Фермер «Дорпер» койлорун алып келген жылдары айрымдары табиятка көнө албай, ооруп калгандары болгонун айтат.

«Азыр биздин табиятка көндү. Кышында, төлдөгөн учурда гана жылуу сарайга киришет. Негизи суукка чыдамдуу келет экен. Кышы-жайы жайытта жүрүшөт. Эртең жана кечинде чөп беребиз. Ал эми жемди куут убагында гана беребиз. Талаага жайып кайтарсаң, тынч эле оттоп жүрө беришет. Оору-сыркоого да бекем экен. Албетте, алып келген жылдары биздин шартка көнө албай, арасында ооругандары болду. Чыгым тарттык. Бирок, бул көрүнүшкө даяр болчубуз. Келечекте сапаттуулугун дагы бекемдеп, Кыргызстандын жаңы селекциясы (тандоо; ылгоо жолу менен жаныбарлардын асыл тукумун, өсүмдүктөрдүн жакшы сортторун чыгаруу жана мыктылоо) деп, чет өлкөлөргө таркатуу максатыбыз бар», — деди ал.

Фермер кошумчалагандай, козу менен койлордун баасы 500 доллардан 1000 долларга чейин. Чоң кочкорлор 2500 долларга чейин бааланууда.

Буга чейин Чүй облусунун Кемин районуна жеке фермер аркылуу Австралиядан учак менен ар бири 2500 доллар болгон 102 баш кой («Дорпер») алынып келген. Аларды фермер Василий Пятибратов сатып алган.

«Бир кой 2500 доллар турат экен. Бул баа жол акынын кымбаттыгынан келип чыкты. Болбосо Австралияда бул койдун баасы 300-400 доллардан турат экен. Келечекте дагы 1000 баш кой алып келүү планда бар», — деген фермер.

Ал эми Кыргызстанда селецияланган «Арашан» породасындагы козулардын болжолдуу баасы 1000 доллар, ал эми койлору 5000 доллардан жогору.

Жакында эле Чүй облусунун Сокулук районунда асыл тукум малдын көргөзмөсү өттү. Анда ээси тарабынан 200 миң долларга бааланган «Арашан» породасындагы кочкор алынып келди. Бул баа көпчүлүктү таң калдырууда. Ага чейин 2024-жылдын 9-майында Ысык-Ата районунун тургуну Тимур Турумбековдун чарбасындагы «Геракл» аттуу кочкор 100 миң долларга сатылганы маалымдалган.

————

«Дорпер» породасындагы койлор этти көп бергендиги менен белгилүү. Алар Африкадан, тактап айтканда эң кургак аймактардан тараган. Бул алардын жем-чөпкө жана ар кандай жер шартына ийкемдүү экендигин түшүндүрөт.

«Дорпер» койлору бир өңчөй жана начар тамактанышса да салмагынын өсүшү токтоп калбайт. Ошол эле учурда ден соолугу чың, иммунитети күчтүү болот. Ушундай өзгөчөлүгүнүн аркасында бул порода бүткүл дүйнө жүзүндөгү кой багуучулардын арасында популярдуулукка ээ.

Ошондой эле аталган породадагы койлор сырткы көрүнүшү менен да бир топ айырмаланат. Койлор мезгилдүү түлөө болгондо эски жүнүнөн өз алдынча арылышат. Бозомук тармал жүнү бир гана каптал тарабында жана белинде байкалат. Ошол эле учурда алардын териси ачык түстө болот.

Адистердин айтымында, жагымсыз жыттан улам эт жей албагандар бул породадагы койдун этин жактырып кетишет. «Дорпер» эти мыкты даамга жана жука май катмарына ээ. Ошол эле учурда бул жаныбардын этинде холестерол курамы өтө төмөн.

«Дорпер» этин союп алуу 90 пайызга жетип, абсолюттук рекорд жараткан. Чоң көлөмдүү кочкордун салмагы 140 килограммды түзсө, эң чоң ургаачысыныкы 95 килограммга жетет. «Дорперлер» эт катарында экендигине карабастан, боз койлору туугандан кийин сүттүн өтө жогорку өндүрүмдүүлүгүн көрсөтө алышат. Бул сапат селекционерлер тарабынан жогору бааланган.

Терилердин сапатына токтолсок, бул көрсөткүчтө да башка түрдөгү койлорду бир топ артта калтырышты. Алардын терилери кемчиликсиз жылмакай, бүктөмдөрдүн жана бырыштардын жоктугу менен белгилүү. Ошол эле учурда бекем жана тыгыз түзүлүшкө ээ. Ошондуктан бул материал эксклюзивдүү жана кымбат баалуу сырткы кийимдерди, жогорку сапаттагы элиталык аксессуарларды чыгарган ишканаларга жөнөтүлөт.

Кой көбүнчө бир козу тууйт. Эгиздердин туулушу өтө сейрек кездешет. Жаңы туулган козунун салмагы 2-5 килограммды түзөт. Күнүнө болжол менен 0,7 кг жем-чөп жеп, 1 айдын ичинде козунун салмагы бир нече килограммды түзсө, тойбогон козулар жогорудагы салмактан эки эсе салмак кошот. Бир айдан кийин кичинекей козунун салмагы 20 килограммды түзүп, тогуз айга чейин болжол менен 70 килограммга жетет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE